"Эркин-Тоо"

Адамдардын теги такталып, музейге жайгаштырылат

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык санжыра музейлери  түзүлөт. Анда адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдар чогултулуп, сакталат. Ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашырган тарыхый тармактагы музейлер болот.

Мыйзам Кыргызстан элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында кабыл алынган.