9-декабрь күнү Жалал-Абад ОИИБге Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну К. кызы М. арыз менен кайрылып, 1992- жылы туулган жолдошу М.М. 21-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дыйынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталып, иликтөөнүн жүрүшүндө 13- декабрь күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылында таштанды таштачу жерден белгисиз адамдын денеси кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган. Ал адам таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, аны таанып кароо жүргүзүү максатында 14-декабрь күнү К. кызы М. Алынып келинген. Ал маркумдун кийимдери аркылуу жолдошу экенин тааныган. Кароо учурунда маркумдун 60 жеринде учтуу нерсе менен сайылып, кескиленген жаракаттары бар экени аныкталган. Бул факты Жалал-Абад ОИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иш козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. 14-декабрь күнү кылмышка шектүү катары ЖалалАбад шаарынын 2006-жылы туулган тургуну Д.Х. менен 2004-жылы туулган тургуну М.А. кармалып, камакка алынды.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр менен каза болгон адамдын ортосунда акча
боюнча пикир келишпестиктер пайда болгондугу, окуяга дагы 1 адамдын
катыштыгы бар экендиги маалым болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Комментарий калтыруу