"Эркин-Тоо"

Адилет АСАНБЕКОВ: “АЙЫЛ АЙМАГЫНДА САЗДАК ЖЕРЛЕР КӨЙГӨЙ ЖАРАТУУДА”

Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет АСАНБЕКОВ

Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл аймагы борбор калаабызга жакын жайгашкан айыл аймактарынын бири. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Адилет Асанбеков аймакты өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар жана ийгиликтер туурасында ой бөлүштү.

МАЕКТЕШ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ: Каарманыбыз Адилет Асанбеков Ысык-Ата районуна караштуу Чоң-Далы айылында туулуп-өскөн. Атасы Чымырбаев Асанбек 20 жылдан бери айдоочулук кесибинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Апасы Сатымкулова Гүлнара айылдагы ФАПты жетектейт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

— Адилет мырза, жыл соңуна чыгып, “жөжөнү күздө саначу” учур келди. Айыл өкмөттө жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берсең?

— Менден мурдагы айыл өкмөт болуп иштеген агаларыбыздын жасаган иштерин улантып, алардын алдыга койгон максаттарын жүзөгө ашыралы деген жакшы ниетте иштеп жатабыз. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте жыл башынан эле айыл өкмөтүнүн өнүгүү иш-чарасын кабыл алганбыз. Иш-чараны ишке ашырууда айылдык кеңештин депутаттары жакындан жардам берип жатышат. Кудай буюрса ынтымагыбыз жакшы. Менин дагы айыл элинин жашоо-турмушун оңдоо үчүн, элиме кызматымды кылуу максатында белгилеген көп жакшы пландарым бар.

Логвиненко айыл өкмөтүндө 7600 эл катталган. Аймагыбыз Чоң-Далы, Покровка айылдарынан турат. Андан сырткары жаңы конуштарыбыз бар. Өзүңүздөр билгендей, Ново-Покровка айылында көп улуттун калкы жашайт. Жалпысынан 807 гектар, анын ичинде кайрак жерлер да, сугат жерлер дагы бар. Былтыр ноябрь айында Чоң-Далы айылына кичи футбол аянтчасын ачканбыз. Долбоор алкагында жасалган бул иш республикалык бюджеттен кошумча каржыланды.

Биздин айылдын жашоочулары дагы жаңы дем-күч менен жаңыча жашаганга умтулуп жатышат. Аймагыбыздагы негизги жолдорду оңдоо, асфальт төшөө, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча тездетилген багыттагы иштерди жүргүзүүдөбүз. Мезгилдин өтүшү менен акырындап алдыбыздагы максатпландарыбыз ишке ашууда. Кечиктирилбей ишке ашса деген асыл максаттарыбыздын бири – аймагыбызда жаш жеткинчектерге билим берүүнү жеткиликтүү уюштуруу жана жаркыраган келечектерине кам көрүү. Ошол максаттардын алкагында ушул жылдын жай мезгилинде Катар фондусу менен бирге аймагыбыздагы жаңы конушка башталгыч класстар үчүн 250 орундуу мектеп курууну пландаштырып, ишти баштадык. Кудай буйруса, бул иштин жалпы суммасы 24 млн сомдун алкагында болмокчу. Негизинен Катар фондусу тарабынан каржыланган бул долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн дагы ири күчтөр жумшалып, көп аракеттер жасалууда. Бул мектептин ачылышы 2023-жылдын март айына болжолдонууда.

Ошондой эле Новопокровка айылындагы №2 орто мектептин базасында 225 орундуу кошумча имарат курулуп жатат. Бул долбоорубузга 37 млн сом каралган. Кошумча имараттын курулушу 2019-жылы башталганы менен пандемияга байланыштуу ишаракеттер токтоп калган эле. Жакында ушул кошумча корпустун ачылуу аземин өткөрөбүз деген оюбуз бар. Азыр ал жерде 95 пайыз иш аяктап, имараттын тегерегин жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Чындыгында эле бул мектепте окуучулардын саны абдан көбөйүп кеткендиктен, кошумча окутуу корпусуна муктаждыгыбыз өсүп жетилип калгандыктан, суранып, күтүп жаткан чоң майрамыбыз – ушул.

Айыл өкмөттүн эмгек жамааты

— Азыр ар бир аймакта жаңы конуштар бар. Аларга шарт түзүү – учурдун маселеси болуп жатат. Сиздердин аймакта бул маселе кандай чечилип жатат?

— Биздин аймагыбыздагы жаңы конуштарга зарыл болгон жакшы шарттарды түзүү үчүн көп иштерди жасап жатабыз. Үстүбүздөгү жылы жаңы конушубуздагы 3 километр аралыктагы жолго шагыл төшөп берип, баткак жолдордон арылуусуна аз болсо дагы кам көрдүк. Андан тышкары, Новопокровка айылындагы Чехов көчөсүндөгү 706 метр жолду асфальтоо максатында СТИМгрантка долбоор жаздык. Иштерибиз ийгиликтүү болуп 2 айдан бери ал жол асфальтталып жатат, жакында аягына чыгат. Эл аралык көптөгөн фонддорго долбоор жазып, маселелерибизди чечүүгө аракеттерди жасап жатабыз. Бирок, элетти өнүктүрүүгө жардам берүүгө багытталган фонддорго жардам сурап кайрылган айылдар өтө көп. Кайрылууларды атайын комиссия карап көрүп, өтө ылайыктууларына эле жардамдар берилет эмеспи. Азыр болсо эл көйгөйлөрүн чечүүдө тез арада жасалууга тийиш болгон иштерден канчасы аткарылып бүтөт, канчасы келээрки жылдын кечиктирилгис иштери экендигин аныктап жатабыз. Биз айыл өкмөттүн аппаратында ошол маселелерди талкуулап алып, анан жергиликтүү кеңештин жыйынында депутаттар менен бирге бекитип алабыз. Азыркы тапта көчөлөрүбүздү жарыктандыруу иштери дагы абдан активдүү жүрүүдө. Чукул арада жарыктандырууга өтө муктаж көчөлөрүбүз жаркырап, элибиз ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Айыл жергесинде чындыгында көйгөй жараткан маселелер абдан көп. Ал маселелерди чечүү үчүн талапка ылайык каржы болуусу керек. Ошондуктан, маселелерди туура чечүүдө талкуу учурунда колдо болгон каражаттарды максатка ылайык, туура бөлүштүрүүгө аракеттерди жасайбыз.

— Айыл өкмөтүнүн каржы булактарын толтурууда кандай маселелер бар?

— Бул багытта иштерибиз жакшы. Пландарыбызды толтурууда дагы ар бирибиз жоопкерчиликти баарынан жогору коюп, белсенип эмгектенебиз. Салык кызматкерлерибиз мыйзам алкагында туура иштерди жүргүзүшөт. Жергиликтүү кеңештин депутаттары дагы ынтымак менен бизге чоң жардамдарды беришип, чогуу аракеттерин жасашат. Аймагыбыздагы айыл башчы, кварталдык комитеттин башчылары биз менен тыгыз иштеп, жакшы жардамдарды беришет. Ушул кезге чейинки кварталдык комитеттин мүчөлөрү 230 сомдон айлык акыларды алышчу экен. Биз депутаттар менен бирге талкуулап, алардын эмгек акыларын жогорулаттык. Эмгек акыларынын жогорулашы алардын маанайларын көтөрүп, ишке болгон кызыгууларын, жоопкерчиликтерин жогорулатты. Мындай жагдай биздин дагы бир жетишилген ийгиликтерибиздин бири болду десем жаңылышпайм. Мурунку мезгилдерде айыл башчыларына, кварталдык комитеттин жетекчилерине берилген тапшырмалар аткарылбай эле унутта калган учурлары көп болгон. Азыр берилген тапшырма тез арада аткарылып, эл ишеними дагы күчөгөн маал. Жаңы жылдан тартып алардын акчаларын кайрадан карап, дагы көтөрүп берүү жагын ойлонуштуруудабыз. Алар ар качан эл арасында болушуп, алардын мүдөө-талаптарын угушат, бизге жеткиришет. Элибиздин кандай талаптары бар экендигинен кабар алып, аларды аткаруу үчүн биз шашып турабыз. Эң негизгиси ынтымакты туу тутуп, аракеттене берсек ийгиликтер биз менен болооруна ишенебиз. Муну жергиликтүү кеңеш менен аппарат кызматкерлери абдан жакшы түшүнөбүз.

Айылдык кеңештин депутаттары

— Учурда аймак ичинде генплан менен иштөөдө кыйынчылык болгон жокпу?

— Ооба, чындыгында эле айыл аймактарда генпланды бекитүү чоң милдеттери бар олуттуу иш болгону турат. Биздин айыл аймактагы генпланды кайрадан иштеп чыгуу үчүн 3 млн сомдун тегерегиндеги акча керектелет. Депутаттарыбыздын колдоосу менен ушул ишти бүтүрүп алсак, заман талабына жараша көчөлөрдү куруп, инфратүзүмдөрүбүз жакшырат болчу. — Аймакта эмне көйгөй бар? — НовоПокровкадагы саздак жерлер көйгөй жаратат. Эски дренаждардын тазалана элегине 30 жыл болуптур. Покровка айылы өзү эле негизи саздак жерде жайгашкан эмеспи, 1,5 метрден кийин эле суу чыга баштайт. Эл менен чогулганда ушул дренаждарды тазалап берүүбүздү суранышууда. Дагы бир көйгөй, бизде мурда маданият үйү бар эле, ал эскилиги жетип, урап калган. Анын ордуна маданий жай куруп берүү керек болуп турат. Ново-Покровкада эки көчөдө жана жаңы конушта таза суу жок. Албетте, эми айтып отурса көйгөйлөр арбын. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, бардыгы барып эле каражатка такалат экен. Ошентсе да чечүүнүн жолун караштырып жатабыз. Жер тилкесине муктаж жарандарыбыз арбын. 2010-жылы 498 жер тилкеси берилген экен. Азыр ал жерге турак-жайлар салынып, жаңы конушка айланды. Ошентсе деле учурда 1300 адам жер тилкесин сурап кайрылышууда. Ошол себептен ылайыктуу жерлерди караштырып жатабыз.

— Маанилүү маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз!

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!