Учурдагы экономикалык реалдуулук мамлекеттен жана бизнестен артыкчылыктарды кайра карап чыгууну талап кылат. Жумушчулардын укуктарын коргоо жана жоопкерчиликтүү бизнес принциптери социалдык адилеттүүлүк жана туруктуу өнүгүү үчүн негизги факторлор болууда. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, Кыргызстан калктын жумуш менен камсыз болуусу, эмгек акыны жогорулатуу жана экономиканын расмий эмес секторунун үлүшүн азайтуу менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча активдүү иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралып жаткан Ишкердик жана адам укуктары жаатындагы Иш—аракеттер Планы да ушул маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө багытталган, бизнес тарабынан адам укуктарын, анын ичинде эмгек укуктарын өндүрүштүн жана товарлар менен кызматтарды ишке ашыруунун бардык этаптарында коргоону талап кылат.
Жумушчулардын эмгек укуктарын коргоо: маселелер жана кыйынчылыктар
Кыргызстан башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөр сыяктуу элеэмгек укуктарын сактоо маселелерине туш болууда. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча, өлкөдө расмий эмес жумуш менен камсыз болуу деңгээли 52,5%ды түздү, бул калктын корголуу деңгээлине олуттуу таасирин тийгизип, төмөнкүдөй көйгөйлөргө алып келет:
Жоопкерчиликтүү бизнестин зарылдыгы
Жоопкерчиликтүү бизнес абалды жакшыртууда маанилүү роль ойнойт. Эмгек мыйзамдарын аткаруу бир гана укуктук кесепеттерди алдын албастан, компаниянын беделин чыңдоого, жумушчулардын компанияга жан тартуусун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот.
Корпоративдик укуктар боюнча юрист Калыгул Салиев Кыргызстандагы бизнестин өзүнүн кызыкчылыктарын коомдогу камкордук менен айкалыштырган мисалдарын келтирет: экологиялык демилгелер, корпоративдик социалдык жоопкерчилик (КСЖ) – кайрымдуулук, жергиликтүү жамааттарды колдоо, этикалуу бизнес жүргүзүү (ачыктык, отчеттуулук), жергиликтүү өндүрүшкө колдоо көрсөтүү.
Салиев белгилегендей: «Бул адамдардын жашоосун жакшыртат жана компанияларга инвестиция тартып, өнүккөн базарларга чыгууга мүмкүндүк берет. Жогорку социалдык жоопкерчиликтеги компаниялар керектөөчүлөрдүн жана потенциалдуу инвесторлордун арасында оң имидж алышат, бул ишенимди жана кызыгууну жогорулатат».
Товарлардын/кызматтардын өндүрүшү жана сатылышынын бардык баскычтарында адам укуктарын сактоо өнүккөн эл аралык базарларга чыгуунун милдеттүү шарты болуп саналат. Ал, ыктыярдуу корпоративдик социалдык жоопкерчиликтен айырмаланып, милдеттүү шарт. Юристтин пикиринде, Кыргызстанда жоопкерчиликтүү бизнес принциптерин киргизүү үчүн айыл чарба, туризм, энергетика, курулуш жана өндүрүш тармактарында жогорку потенциал бар.
Кыргыз бизнесинин даярдыгы жана шыктандыруу жолдору
«Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун атка башкаруучусу Мурат Карыповдун айтымында, жоопкерчиликтүү бизнестин стандарттарын киргизүүгө даярдык компаниянын өлчөмүнө карай өзгөрөт.
«Эл аралык рынокторду багынткан чоң компаниялар адам укуктарын жана эмгек мыйзамдарын бузуу жоопкерчиликке жана каржылык жоготууларга алып келээрин аңдап, адам укуктарын сактоого аракет кылышат», — дейт Карыпов.
Корпоративдик укуктар боюнча юрист Калыгул Салиев болсо бизнести күчтөп эмес, шыктандыруу, окутуу керектигин белгилейт: «БУУӨП компаниялардын эл аралык стандарттарга өтүүсүнө көмөктөшкөн окутуу жана ресурстарды берет. Мындан тышкары, экономикалык реалдуулуктар жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, компанияларды өз атаандаштык дараметин жогорулатуу зарылдыгы эл аралык стандарттарды кабыл алууга шыктантат».
Эксперттердин көз карашы боюнча мындан ары илгерилөөнүн маанилүү шарттары:
Жыйынтык
Ишкердик ишмердүүлүгү жана адам укуктары боюнча иш—чаралар планы Кыргызстандагы кырдаалды жакшыртуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк берет. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу мамлекет, бизнес жана жарандык коом ортосундагы натыйжалуу кызматташууга жараша болот. Бул процесстин негизги элементтери жоопкерчиликтүү бизнес принциптерин киргизүү, мыйзамдарды актуалдаштыруу, аң—сезимди жогорулатуу жана мотивациялоочу механизмдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Бул кадамдар жумушчулардын укуктары корголгон жана бизнес туруктуу өнүгүүгө багытталган адилеттүү жана гүлдөп өнүгүүчү өлкөнү түзүүнүн негизи болот.
Кызыкдар тараптардын активдүү өз ара аракеттенүүсү адилеттүү эмгек рыногу жана бизнести жоопкерчиликтүү башкаруу үчүн бекем негиз түзөт, бул өз кезегинде социалдык—экономикалык прогрессти, эмгек укуктарын камсыз кылууну жана калктын жашоо—турмуш сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.