— Адис Мыктыбекович, айыл аймагыңызда жарк эткен жагымдуу иштер илгерилеп жатат. Мына ушул багытта сөздү баштасак…
— Айтканыңызда калет жок. Аймагыбызда он бир миңге чукул (10 940) эл жашайт. Эки жарым миңге жакын (2 374) турак, короо-жай жайгашкан. Негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен мээнеттенебиз. Жер иштетип, мал баккан жагынан камчы салдырбай, оозго алынганбыз. “Курама темир курч болот” деп бекеринен айтылган эмес. Кыргыз, казак, орус, татар, өзбек жана башка дунган эли баш болуп биримдикти туу кылып жашап келебиз. Эң башкысы – ынтымагыбыз бекем. Кандай гана олуттуу иш-чаралар болбосун «Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып» максаттарыбызга жетүүдөбүз. Дунган улуту 60 пайыз. Алардын эмгекчилдиги дээрлеринен белгилүү. Учурда соода-сатык жагына да басым жасашып, аракеттерине жараша баар таап жатышат. «Дордой» зор базарына жакындыгыбыз артыкчылык кылууда.
Аймагыбызда 4 мектеп, 4 бала бакча орун алган. Билим, тарбиясыз алыс узай албайбыз. Келечек ээлери көңүл борборунда.
Экологиялык маселелер боюнча иштер жанданды. Айлана-тегеректи таза күтүү учурдун курч көйгөйү. “Ак-Кудук” тазалык боюнча муниципалдык ишканабыздын жеңилин жерден, оорун жондон алуучу заманбап техника менен камсыз кылдык. Бул чоң жетишкендик. Колубуз кадимкидей узарды. Айланабызда акактай тазалык такандап, кайдыгерлик кыскарды.
— Ысык-Ата району жер иштетип, мал баккан жагынан эле алдыга озбостон, күркүрөп иштеген өндүрүштүк ишканалары менен белгилүү. Ошондон улам жумушсуздук айыл жерлеринде да сейректеп баратат. Бул өндүрүш маселесин ар дайым колдоп туруу кажет. Сиздерде абал кандай?
— Бул багытта биздин да кадамдарыбыз айтарлык. Ата мекендик өндүрүштөрдү көбүрөөк ачууга аракетибиз күч. “Альфа” суюк май чыгаруучу заводубуз иштеп, жергиликтүү элдин суюк майга болгон муктаждыгын чече баштады. Буюрса, бара-бара коңшу өлкөлөргө экспорттоо жагын да колго алышмакчы. “Три-Т” тоок ишканабыздын жумурткалары, эттери элге тартуулана баштады. Келечектери алдыда. Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Кант” логистикалык ишканабыздын ишмердиги кенен. Арматура чыгарган 4 ишканабыз иштеп, куруучулардын суроо-талаптарын канааттандырууда. Албетте, чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлерибиз арбын. Баарына токтолуп олтурсак, көөнүбүз курсант. Биздин мындан аркы аруу максат – өндүрүштүк ишканалардын катарын дагы жаңылары менен толуктоо. Жаңы жумушчу орундары менен камсыз кылуу. Жаштарыбыз бакытты алыстан эмес, өз эле айылынан тапса, шарт-жагдай жарашса деген тилек.
— Бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жетекке алуу, сөздөн ишке өтүү оңой эмес. “Баарын коюп, Манасты айт” демекчи эң башкы максаттарыңыздарга токтолуп кетсеңиз?
— Негизги 3 долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Милянфан айылындагы М.Ванахун атындагы орто мектептин фасадын оңдоо жана брусчатка төшөө, спорт залын жакшыртуу иштери илгерилөөдө. Курулуш иштерине 7 673 400 сом жумшалууга тийиш. Жергиликтүү бюджеттен 50% (3 526 900), ошондой эле түрткү берүүчү гранттан 50% (3 526 900) каржы каралды.
Сөз башында балдар келечегибиз деп бекеринен баса белгилегеним жок. Сөзүм кургак болбосун, Киров айылындагы орто мектептин да фасадын, чатырын оңдоого тийишпиз. Ошондой эле брусчатка төшөлөт. Курулуш иштерине жалпысынан 7 053 800 сом жумшалмакчы. Мында да теңме-тең жергиликтүү бюджеттен 50%, түрткү берүүчү гранттан 50% каржы каралды.
Ушул эле айылдагы “Лапушка” бала бакчасынын да фасадын, чатырын баш кылып оңдоп, терезе блокторун алмаштырмакчыбыз. Жалпы жумшалуучу сумма 8 157 00 сом. Мында да 50%дан жергиликтүү жана түрткү берүүчү гранттан каржылайбыз. Бала бакча демекчи, Милянфан айылындагы “Белочка” жана Первомайская айылындагы “Бөбөк дүйнөсү” бала бакчаларда да оңдоо иштери илгерилеп жатат. Жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Биз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры М.Ванахун менен сыймыктанабыз. Анын ысымында туулган айылындагы орто мектеп аталат. Айтайын дегеним, биз баатырларды жыл сайын бир жолу 9-май жеңиш күнүндө гана эскерип, ачык айткан жакшы калган күндөрү эстен чыгарып коюп жүрөбүз. Биз мындан ары мындай кайдыгерликке жол бербейбиз. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары бизге кандай кымбат болсо, албетте Афган, Баткен согушундагы баатырлар да ошондой кымбат. Кайран баатыр жигиттерибиз мекенибиздин тынчтыгы үчүн курман болушкан. Ошондуктан Хунчи айылындагы баатыр жоокерлерге арналган стеласынын аймагын жашылдандырып, сейил багын ачык айтканда паркка айландырып салдык. Жаштар жана улуу-кичүүлөр келишип, эстеликтерге таазим этишип, караандарын үзбөй сейилдешип кетишсе албетте, жагымдуу болот. Жоокерлерди ар дайым барктоо улам кийинки муундардын парзы болуп калмакчы. Мына ушул ыйык жерди жашылдандырууга жергиликтүү бюджеттен 1 256 315 сом сарпталды. Быйыл 7-майда салтанаттуу ачылышын жасадык.
Баса, биздин айыл аймагы чек арага чеп болуп турат. Куралчан жоокерлердин караанын бийик сактык мунараларынан көргөндө албетте, асманыбыздын ачык болушун тилейбиз. Мына ушул өңүттөн караганда да тынчтык күндү сактаган эр-жигиттерибизге тилектешпиз. Жол оңдоо, айыл ичине видиокамераларды коюу жана башка иштер чынында ич жылытат. Кыймылдын баарын сүрөттөй берсек, бир бетке чак келбейт.
— Ток этер суроолорго жооп алдык. Келе жаткан Эгемендүүлүк майрамына даярдыгыңыздар кандай?
— Жаңы эле сиз келердин астында: “Эгемендүүлүк майрамын кандай майрамдайбыз? Кандай ийгиликтер, жетишкендиктер менен тособуз?” деген суроолорду талкууладык. Буюрса, көп улуттуу элдин достугун жана ынтымагын көкөлөтүп, ыр-күүлөр коштогон спорттук оюн-зооктор менен өткөрөбүз. Көп улуттуу ынтымагы бекем элдин келечеги кең. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Ар дайым асманыбыз ачык болсун!
Айчүрөк Макешова

