"Эркин-Тоо"

Адвокат Шердор Абдыкапаров: “Өз укугун билген адам көйгөйүн жеңил чечет”

Адвокат Шердор Абдыкапаров Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлүп-өскөн. Аталган райондун орто мектебин бүтүрүп, кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде билим алган. Чыныгы адвокат биринчи кезекте жөнөкөй, чынчыл жана адилетүү болушу керек деген каарманым аркалаган кесиби тууралуу маек берди.

 — Шердор Жолдошбекович, сиз адвокат катары эл менен көп иштешип келесиз. Биздин жарандардын жалпы укуктук сабаттуулугуна кандай баа берет элеңиз?

 — Менин баамымда калкыбыз башка тармактарда билимдүү болушу мүмкүн, бирок, укуктук юридикалык жактан көпчүлүгү сабатсыз. Биз бул боюнча атайын социалдык тармактар аркылуу кеңеш жана маалыматтарды берип турабыз. Келген суроолор да аз эмес. Кээ бир учурда жөнөкөй эрежелерди билбей, өз укугун коргой албай калгандар болот. Андыктан жол эрежеси сыяктуу кичинекей бирок маанилүү эрежелерди, өз укуктарыбыз тууралуу жазылган китептерди окуп, билип алсак, өзүбүзгө жакшы. Өз укугун билген адам кандай гана учурга кабылбасын көйгөйүн жеңил чече алат.

— Социалдык тармактарда коомчулук ичиндеги укук бузууларга дайыма реакция кылып, тиешелүү органдардын көңүл буруусу үчүн кайрылуу жасап турасыз. Тиешелүү органдар кайрылууңузга жооп катары чараларды көрүшөбү?

— Биз ЖМКлардын же социалдык тармактардын баракчаларына укук бузулган ар бир көрүнүштү чыгара бербейбиз. Башында маселе боюнча иш алып барабыз. Алгач жабырлануучу тарабынан айыпталуучуга арыз жазылат. Эгер иш өз нугунда уланса, аягы да жакшы бүтөт. Бирок, кээде өз кызыкчылыгын көздөп, ортого киши салып, орчундуу көйгөйгө көз жумулган учурда, же иш кармалып, жүрбөй жаткан учурда, аны социалдык тармактарга жана ЖМКга жарыялоого туура келет. ЖМКга чыккан иш бийликтин көзөмөлүндө болуп, коомдук резонанс жаралат. Акыры маселе үчүн тиешелүү органдар тарабынан көрүлгөн чаралар, жыйынтыктар тууралуу маалыматтар берилип, маселе адилеттүү чечилет. ЖМК жана социалдык тармактар бизге бул жаатта чоң жардам беришет.

— Бир иштин жүрүшүндө сиз үчүн эң татаал, эң оор учур болду беле?

— Чынын айтсам, кандай иш албайын, баары мен үчүн оор жана татаал. Анткени бул жерде адамдын тагдыры чечилет. Алар адвокатка жөн жерден кайрылбайт. Камакта олтургандары бар. Ар бир ишти кылдат карап, ката кетирбей иштешиң керек. Сенин жакшы иштегениңе жараша эртең ал адам камактан чыгып кетиши мүмкүн. А эгер кичинекей бир деталды көз жаздымда калтырып койсоң, камакка олтуруп калышы да толук ыктымал. Адамдын өзүнөн деңизчи, бирок ишинин жакшы жакка чечилип кетишинен үмүттөнүп, мага кайрылгандардын ар биринин маселесин өз жүрөгүмдөн өткөрөм. Бул бир жагынан оор, бирок ал адамды, ишти жакшы түшүнүүмө жардам берет.

— Учурда өзгөчө балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулук көп болуп жатат. Сиздин баамыңызда бул көйгөй мурун эле көп беле, же болбосо социалдык тармактардан байма-бай тарап жатышы менен коомчулуктун үрөйүн учуруп жатабы?

— Ачыгын айтканда, бул көйгөй мурдатан бери эле көп. Болгону 10-15 жыл мурун элдер жарыялоодон уялчу. “Туугандар, жакындар көрүп калат, эл эмне дейт?”- деген ойдон улам ЖМКга, интернетке чыгуудан тартынышар эле. Азыр ал түшүнүк жоюлуп бара жатат. Интернетке чыккан адам өзүнүн жабырлануучу катары көйгөйүн айтууга укугу бар экендигин билет. Ошондон кийин көп айтылып, көп талкуулана баштады жана буга жараша маселени чечүү чаралары көрүлүүдө. Мурун зордук-зомбулук 177-берене менен анча оор эмес кылмыштардын катарына кирчү. Ал эми анча оор эмес кылмыш үчүн камакка алуу көрсөтүлбөйт. Бирок УКМКнын төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин жарыясы менен жабырлануучулар дароо УКМКга кайрылып, айыпталгандар камакка алынууда.

— Акыркы учурларда аялдарга карата басмырлоо, зордук-зомбулук болуп жатса да, чара көрө албай акыры өлүм менен бүтүп жаткан окуялар орун алууда. Мындай көрүнүштөрдү алдын-алуу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүшүбүз зарыл?

— Аялдарды коргоо уюмдары зордук-зомбулук боюнча беренелерди көбөйтүш керек, мыйзамды күчтөндүрүш керек деп көп кайрылып келишет. Албетте, катуу жазанын коюлушу маселени алдын алууга өбөлгө түзөт. Бирок камалып чыгып, кайра эле баягысын кайталагандар жок эмес. Андыктан жаман иш жасоо, жасабоо адамдын өз дээринен деп ойлойм. Баланы эненин курсагындагы кезинен тарбиялоо абдан маанилүү. Аны билимге умтулууга үндөшүбүз зарыл жана биз мусулман өлкө болгондуктан, биринчи кезекте диний билимди беришибиз керек. Энени, кыз баланы сыйлоо, кадырлоо билим менен өскөн жаш баланын жан дүйнөсүнө бекем сиңип, туура көз караш менен чоңоёт. Ар бир ата-эне баласын жамандыкка тарбиялабайт. Тарбиясы болбосо да, ыйманы, билими бар адам жаман ишке барбайт деген ойдомун.

— Аялдардын укугун коргогон кризистик борборлор эркектин да укугун коргоп, башпаанек кыла турган борборлорду ачуу керектигин айтып жүрүшөт. Аялдар тарабынан зордук-зомбулук көргөн эркектердин сизге жардам сурап кайрылган учурлары болобу?

-Ооба, биздин коомдо жалгыз гана балдар жана аялдар эмес, эркектер да зомбулукка кабылышат. Менде ушундай 3-4 окуя болду. Эркек киши байланышып: “Аялым кол көтөрөт, эмне кылсам болот?”-деп кеңеш сураган. Арыз жазыңыз, ансыз иш башталбайт. Болбосо сиздин жүзүңүздү жаап чыгаралы, иш каралсын дегем. Бирок уялдыбы, айтор муну жарыялоону каалашкан жок.

— Адилетсиздик орун алган жагдайга туш болгонуңузда эң биринчи эмне кыласыз?

— Ачыгын айтсам, адвокат болуп иштеп баштагандан бери адилетсиздик орун алган жагдайларга көп эле туш болдум. Биринчиден албетте, ал адамга Алла Тааладан ыйман тилейсиң. Сенин деле тууганыңды, жакын адамыңды ушундай кылып жатса, кандай болмоксуң деп күйүп-бышып айткан учурлар болот. Акча чечип, же бирөөгө жалган жалаа жабылганда туталанасың. Ошондуктан коомчулукка көйгөйдү кабыргасынан коюп, мындай окуяларды элдин назарына чыгарууну туура көрөбүз.

     Алтынай Нурдинова

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!