Өлкөбүздөгү ротация саясатынын эпкини менен алыскы Баткенден Жумгал районуна жетекчиликке дайындалган Адыбек Асанович саяк туугандардын жергесине тез эле “сиңишип”, жергиликтүү элдин каалоосундагыдай жетекчи болуп жатканын жумгалдыктар да жашырышпайт. Кай учурда сурап кайрылбайлы, ачыктыгы менен айырмаланган мындай жетекчи менен алыскы аймактагы абал тууралуу маектештик.
– Адыбек мырза, быйыл кыш катуу болоорлугу, электр энергияга карата мезгилдик өчүрүүлөр орун аларын министр өзү баш болуп айтууда. Мындай шартта “кара алтынга” болгон талап жогорку чекке жетери белгилүү. Быйыл көмүрдүн баасы жеринде канча сомдон бааланууда? Көмүр казууга, анын баасына мамлекет тарабынан талаптагыдай көзөмөл болуп жатабы?
– Жумгалдагы Кара-Кече, Миң-Куш көмүр массивдеринде жалпы 19 карьердин ушу тапта 12 карьеринде Кудайга шүгүр “кара алтынды” казуу иши жылдагыдай эле кызуу ыргакта жүрүүдө. Көмүрдүн Кара-Кечедеги өздүк баасы тоннасына 2460 сом болсо, карьерден бери биздин Жумгалга ташып келингендеги баасы 3150 сомдон 3500 сомго чейинки бааны түзүүдө. Тагыраагы, аралыгына жараша сатылып жатат. Ал эми өлкөбүздүн башка аймактарындагы баасы аралыкка жараша коюлуп, сатылып жатса керек. Аныгында көмүрдүн баасына бардык мамлекеттик органдар тарабынан катуу көзөмөл бар. Бул жагынан эч ким кам санабай деле койсо болот.
– Кара-Кечеге көмүр алууга баргандардын узун кезеги ар жылы ушул тапта пайда болуп, отун ташыгандардын нааразычылыгы жаралары баарыбызга белгилүү. Көмүр казуунун жүрүшү, кардарларга “кара алтынды” тез-тез жүктөп берүү жагы эмнеге талаптагыдай уюшулбайт?
– Ушул күндөрү көмүр алууда алыс-жакындан келишкен кардарлардын же ошол эле жергиликтүү элдин арасында нааразычылык жок. Оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары атайын түзүлгөн онлайн форматындагы кезекке турушуп алып кетишүүдө. “Кара алтынды” жүктөп берүү жагы да талаптагыдай уюшулуп, андагы иштеген техникалардын саны жетиштүү. Өлкөбүздүн бардык аймактарынан келишкен кардарлар көмүрдү эч бир маселесиз эле алып кетишүүдө. Бардыгына жол ачык, кандайдыр бир чектөөлөр же эч кандай тоскоолдуктар жок. Дагы баса белгилеп айтсам, көмүр өндүрүүгө болгон көзөмөл тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан, өзгөчө жергиликтүү бийлик тарабынан күчөтүлгөн ыргакта жүрүп жатат.
– Алдыдагы шайлоого карата райондо даярдык кандай? Жумгалда барган сайын элдин шайлоого катышуусу азайып жаткан жокпу?..
– Ооба, өлкөбүздүн тагдырына таасир этүүчү Жогорку Кеңешке болчу шайлоого карата биздин аймакта даярдыктар мыйзам чегинде жүрүп жатат. Райондо жалпысынан 29 шайлоо тилкебиз бар. Ошол шайлоо тилкелеринде алдын-ала сыноо тесттерин жүргүздүк. Алдыдагы 20-30-октябрь күндөрү да кайрадан алдын-ала сыноо тесттери болмокчу. Аймактагы ар бир шайлоо тилкелери кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Бул жагынан да мыйзам чегиндеги иштер жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уюштуруу, техникалык жумуштарды көзөмөлдөп, аларга жардам берүүдөбүз. Бул сапар элибиз Жогорку Кеңешке болгон шайлоого жакшы катышып, кайдыгерликтен арылуу менен өз добуштарын татыктуу адамдарга беришет деген ишеничтемин.
Калыгул Бейшекеев