"Эркин-Тоо"

Адыбек НАБИЕВ: “Жумгалдан өлкөбүздүн көп аймактары үлгү алышса болот”

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акими Адыбек НАБИЕВ

Каарманым “кара алтындын” борборуна келгени ишти жаңы дем менен баштап, карапайым калкка тез эле сиңип, тартип менен тазалыкты биринчи орунга койгондугун район тургундары бир ооздон баса белгилешти. Адыбек Асанович өзү башкарган өрөөндүн жаңылыктарынан кенен кеп салып берди.

— Адыбек мырза, Жумгал аймагынын “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганыңызга ай айлана элек экен. Алгач ишти эмнеден баштадыңыз? Көнүшүп кеттиңизби?

— Менин Жумгал районунун башчылыгына келген кезим Нарын облусундагы аймактарды ирилештирүү реформасы кызуу жүрүп жаткан учурга туш келди. Буга дейре Жумгал районунда 13 айыл өкмөтү болуп келсе, реформанын эпкини менен 6 айыл өкмөткө бириктирилди. Ушул күндөрү бириктирилген айыл өкмөттөрдө жайыт, СПА (суу пайдалануучулар ассоциациясы), «Тазалык» баштаган коомдук бирикмелер муниципалдык ишкана болуп түзүлүп, иш алып барышууда. Мындан ары бул ишканалар айыл өкмөттүн курамында болуп, толук кандуу иш алып барышат. Биз ушул багыттарда буга чейинки тажрыйбабызга таянып иштерди баштадык. Мен жазгы талаачылык иштери кызуу жүрүп жаткан убакта Жумгалга келип калдым. Буюрса, айдапсебүү иштери да аяктоо алдында турат. Муну айтканым, райондун аймагындагы ирригация маселесин, андагы көйгөйлөрдү чечүүгө билек түрүнө киришкен чагым. Ал эми көнүшүп кеткенде кандай? Биз эми башка өлкөгө барып иштеген жокпуз го? Кыргыздын эле жеринде иштеп жатабыз. Эмнеге көнбөшүм керек? Башка планетага келген жерим жок да.

— Ооба, башка планетадан келгениңиз жок. Канчалык айтканыбыз менен аймактык айырмачылык бар да…

— “Кара алтындын” борборуна которулуп келгениме бир айга чукулдап калды. Баардыгына көнүшүп, тил табышмак тургай, карапайым эл менен камыржумур аралашып иштеп жаткан чагым. Кудай буюрса, элдин жүгүн татыктуу көтөрүп, иштеп кете алаарымды гезит аркылуу да бекемдегим келет.

— Жумгал аймагы “кара алтындын” борбору эмеспи. Бул жагындагы иштер кандай экен? Кайсы көйгөй көмүр өндүрүүнү “курчап” алыптыр?

— Ооба, бизде 1 миллион 700 миң тоннага чейин көмүр өндүргөн “Кара Кече” баштаган 20дан ашык кендерибиз бар. Ишке шымалана киришкенден тарта көмүр кендерибиздин баарын кыдырып, жетекчилерге жолугуп, жеринде маселелер менен таанышып кайтканмын. Азыр кышка карата камылга катуу нукта жүрүүдө.

— Көмүр чыккан жерди “эки аяктуулар” байырлашпаптырбы? Дегеле криминалдык абал ал жакта кандай экен?

— Абал тынч. Жергиликтүү укук коргоо органдары бул жагынан иштеп жатышат. Райондун аймагында жалпы-жонунан коомдук, саясый абал тынч.

— Кадрдык саясатты кандай кылып жатасыз? Баткенден келсеңиз, бул жакта өң-тааныштарыңыз деле жок да, “кол ийрисине тартат” дегендей…

— Башта айтканымдай, айыл өкмөттөр ирилештирилип жаткан чак. Мен райондогу 6 айыл өкмөттүн башчысын дайындадым. Жаңыдан дайындалган айыл өкмөт башчылары өздөрүнүн аппаратындагы кадрларды өздөрү бекитип, дайындашат. Андагы кадрдык саясатты атайын түзүлгөн комиссия мыйзам талаптарына жооп бере ала тургандыгына, кадрлардын компотенттүүлүгүнө карап айыл өкмөт башчыларына сунуш беришти. А айыл өкмөт башчылары кадрлардан кимди кызматка коюшту же койбошту өздөрү бекитишет. Албетте, мыйзам чегинде.

— Жумгалда “кой үстүнө торгой жумурткалагандай” баары эле жакшы эмес болсо керек. Сырттан келген кишиге оркоюп көрүнөт эмеспи, дегеле бул өрөөндө жүрөгүңүздү өйүгөн эмне маселе бар экен?

— Кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштеп жатабыз. Өтө деле жүрөктү өйүп, сар-санаа кылчу көйгөй жок. Аныгында Жумгалдан өлкөбүздүн башка аймактары үлгү ала турчу көп иштери, жакшы жетишкендиктери бар. Анын баарын төш каккылап мактанып айткан жерибиз жок да, туурабы?

— Президенттин кадрларды ротациялоо саясатынын эпкини менен түштүк аймагыбыздан которулуп келдиңиз. Бул саамалык жемишин берчүдөй бекен?

— Бул абдан туура саясат! Мен кадрлардын резервинде болчумун. Буга дейре Баткен районунун акиминин биринчи орун басары, ага чейин облустук администрациянын бөлүмүндө 15 жыл иштеп келгем. Бул жакта орун бошогон экен, кадрлар резервинде турган менин талапкерлигимди карап көрүшүп, сунуш кылышты. Ойлонбостон дароо макулдугумду бердим.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№44 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 2-июну

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!