Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объектилерди көрүп чыкты.
Алсак, МинКаб башчысы Ташкент облусундагы Борбор Азиядагы эң ири күн электр станцияларынын бири болгон (кубаттуулугу 200 МВт) Riverside электр станциясына барды. Станция ACWA Power компаниясы тарабынан ишке ашырылып, “курулуш – ээлик – иштетүү – өткөрүү” модели менен жүргүзүлүп жатат. Долбоор Өзбекстандын Улуттук электр тармагы менен түзүлгөн 25 жылдык келишимге ылайык ишке ашууда.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында уюштурулган Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүнө барды. Болжол менен 6000 чарчы метр аянттагы көргөзмөгө улуттук экономиканын 10дон ашык негизги тармактарынан, анын ичинде мунай химиясы, машина куруу, электротехника, курулуш материалдары, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана башка 90го жакын компания катышууда.
Ошондой эле иш сапарынын алкагында төрага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.