"Эркин-Тоо"

Адылбек Касымалиев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев Өзбекстан элин 2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгышы менен куттуктап, курама командага ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Адылбек Касымалиевге Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ысык саламдарын жолдоду.

МинКаб Төрагасы Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу тереңдетүү биздин элдердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берерин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев ушул эле сапардын алкагында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгынын негизги багыттарын талкуулады.

Тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын, Ишкерлер кеңешинин, ректорлор форумунун жана Региондор башчыларынын Кеңешинин жыйындарын үзгүлтүксүз өткөрүүнү макулдашышты.

Аны менен катар төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Региондор аралык кызматташуу боюнча 2017-жылкы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

  • Садыр Жапаровдун 2024-жылдагы Өзбекстанга сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган Жол картасы.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев IV Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, сөз сүйлөдү.

“Жаңы инвестициялык саясаттын алкагында өлкө жетекчилигинин саясий эрки инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган сапаттык жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алды”-деген Адылбек Касымалиев, Кыргызстан терең аймактык интеграция идеясына, Борбордук Азия аймагын Евразия континентиндеги гүлдөп-өсүү аймагына, ири экономикалык долбоорлор жана демилгелер ишке ашкан жерге, олуттуу тышкы жана ички инвестициялар тартылган жерге айландыруу идеясын жактайт деп сөзүн жыйынтыктады.