Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт жыйынында Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1,1 триллион сомдон ашкандыгын билдирди.
«2025-жылдын консолидацияланган бюджети тарыхый чекке жетти. Бүгүн биз расмий түрдө бюджеттин көлөмү 1 триллион 90 миллиард 600 миллион сомдон ашканын жарыялайбыз. Бул Кыргызстан үчүн триллиондук тарыхый көрсөткүч.
Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 миллиард сом болгон. Жыл жыйынтыгын 381,7 миллиард сомго өсүү же 153,8 пайызга көбөйүү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз.
Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 миллиард сомдон ашык профицит менен жыйынтыктайбыз», – деди Адылбек Касымалиев.
Төрага ИДПнын 10 айдагы өсүшү 10% болгонун, ал эми жыл аягына чейин ИДПнын жалпы көлөмү 1 трлн 779 млрд сомго жетери божомолдонуп жатканын кошумчалады. Бул – бекитилген планга караганда 155,6 млрд сомго көп.

