"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Адылбек Касымалиев: «Ар бир жаран өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди эркин тандоого тийиш»

Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында боло турган шайлоого чейин мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилерине үгүт иштерине аралашпоо эскертилген. Эскертүүнүн шартын бузгандар жумуштан алынгандыгын айткан Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев шайлоо тууралуу буларга токтолду:

«Бүгүн аппараттык кеңешмеде мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерине аралашпоого дагы бир жолу эскерттим.

Үгүт кампаниясы аягына чыгып баратат. Ошого карабастан, эскертүүгө көнбөй, үгүт ишине аралашкан айрым аймактардагы кызматкерлерди жумуштан алуу учурлары да болду.

Ар бир жаран өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди — эч кимдин басымы, кийлигишүүсү же сатып алуусу жок — эркин тандоого тийиш.

Биз эч бир талапкерди колдобойбуз жана сүрөбөйбүз. Эл өзү татыктуу деп шайлап берген депутат менен иштейбиз.

Урматтуу мекендештер, сиздерди алдыдагы шайлоого активдүү катышып, тандоо кылууда жаңылбай, жоопкерчиликтүү болууга чакырам.»