Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Германиянын Берлин шаарына иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында ал «Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү» аталышындагы кыргыз-герман бизнес форумуна жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле Төрага бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, «Кыргыз почтасы» ААКтын эл аралык логистикалык борборунун иши менен таанышат.

