"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Адылбек Касымалиев: “Билим – өлкөнүн келечегинин негизги булагы”

Бүгүн, 1-сентябрда, Билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Кожомкул айылындагы жаңы ачылган мектепте өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарада ал мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди Билим күнү менен куттуктап, билимдин инсан, коом жана мамлекет үчүн маанисине токтолду.

“Билим күнү – бул ар бир үй-бүлөгө, ар бир балага, бүтүндөй мамлекетке тиешелүү майрам. Билим – инсандын өнүгүүсүнүн, коомдун бекем пайдубалынын жана өлкөнүн келечегинин негизги булагы”, – деди Касымалиев.

Ал өз сөзүндө өлкөдө билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, акыркы мезгилде 101 жаңы мектеп ачылганын, ал эми бүгүн дагы 15ке жакын мектеп пайдаланууга берилгенин маалымдады.

Кожомкул айылында ачылган жаңы мектеп тууралуу сөз кылып жатып, Касымалиев бул объектинин курулушу бир топ убакытты талап кылганын, бирок акыры толук бүткөнүн белгилеп, жергиликтүү тургундарды куттуктады.

“Бул жерде окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн: заманбап жабдуулар менен камсыздалган класстар, компьютердик кабинет, 120 орундуу актовый зал, ыңгайлуу ашкана, душтары бар спорттук зал, футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары бар”, – деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы жаңы мектеп айылдагы билим берүү менен катар маданий жана спорттук турмушка да өбөлгө болоорун кошумчалады.

Ошондой эле ал “Алтын казык” улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инфратүзүмдү жаңылоо жана мугалимдерди колдоо боюнча чоң иштер жүрүп жатканын баса белгиледи. Анын ичинде мугалимдерге заманбап ноутбуктар берилгенин эске салды.

Касымалиев куттуктоо сөзүн жыйынтыктап жатып, окуучуларды билимге умтулуу менен мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга чакырды жана мугалимдерге терең ыраазычылык билдирди:

“Сиздердин ийгилигиңиздер – бүткүл өлкөнүн ийгилиги. Билим ар бирибиздин тагдырыбызды аныктайт”, – деди ал.