Бишкек шаарында заманбап стадион жана конгресс-холлдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн маалыматтык кызматы кабарлады.
Курулуштун жүрүшү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев таанышып чыкты.
Жаңы спорттук комплекс 51 миң адамга ылайыкталып, ФИФАнын бардык талаптарына жооп бере тургандай курулууда. Архитектуралык чечим катары кыргыз боз үйүнүн формасы колдонулуп, сегиз кабаттуу, тегерек имараттын бийиктиги 70 метр, диаметри 280 метрге жетет. Стадион бүткөндөн кийин өлкөдөгү эң ири спорттук аренага айланып, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт. Кошумча 1800 унаага эсептелген автотоктотуучу жай каралып, зарыл болсо 3000 орунга чейин кеңейтүүгө болот.
Президенттин Иш башкармалыгы курулуш иштери тууралуу маалымат берип, объекттин уникалдуулугун белгиледи. Өкмөт башчысы өз кезегинде мындай масштабдагы долбоорлор жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, спорт менен туризмди өнүктүрүүгө түрткү болорун белгиледи. Ошондой эле сапат жана мөөнөт маселесине өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.
Курулуш жүрүп жаткан дагы бир маанилүү жай – “Ынтымак-Ордо” комплекси жанындагы жаңы конгресс-холл. Адылбек Касымалиев бул жерде да иштин жүрүшүн көрүп, расмий делегациялар үчүн каралган залдар менен конок үйлөрүн кыдырып чыкты. Ал бул имарат Кыргызстандын меймандостугун жана өнүгүү деңгээлин чагылдырган, эл аралык жыйындарды өткөрүүгө ылайык аянтча болушу керектигин белгиледи.