Президенттик Администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында бул өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту.
Жолугушууда тараптар өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун буга чейинки макулдашууларынын иш жүзүндө жүрүшүн жана кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле соода жүгүртүүнү кеңейтүү, авиа каттамдарды жандандыруу маселелери талкууланып, бул багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү эки элдин туризм, бизнес жана маданият тармагындагы байланыштарын чыңдоого өбөлгө болоору айтылды.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев бул сапардын алкагында КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына да катышат.