Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасы менен Палестина мамлекетинин футбол боюнча 23 жашка чейинки (U-23) курама командаларынын оюнун көрүп чыкты.
Бул беттеш 2026-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында уюштурулган.
Жогорку чыңалууда өткөн оюн 2:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталды. Кыргыз курама командасы оюнда мыкты оюн көрсөтүп, күйөрмандардын колдоосуна арзыды.