"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Адылбек Касымалиев Москва шаарына барат

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев иш сапары менен Орусияга (Москва шаары) барат.

Сапардын алкагында Минкаб Төрагасы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат. Анда соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.