Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 11-12-декабрь күндөрү Россиянын Москва шаарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Төрага иш сапардын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.

