Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 4-5-август күндөрү Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында өтө турган деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун III конференциясына катышуу үчүн иш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында Төрага аталган конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстан тараптын расмий позициясын билдирет. Конференция дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн географиялык жагынан деңизге чыга албаган мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу маселелерге буруу максатында уюштурулууда.
Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Жолугушууларда өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери жана аймактык өнөктөштүктү тереңдетүү жолдору талкууланары күтүлүүдө.
Мындан сырткары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын катышуусунда өтө турган жогорку деңгээлдеги жыйналышка — жетинчи консультативдик жолугушууга катышат.