"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Адылбек Касымалиев Тони Блэр менен жолукту

2025-жылдын 25-июнунда “Жайкы Давос – 2025” форумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр менен жолукту.

Жолугушууда мамлекеттик башкаруунун заманбап тенденциялары, туруктуу өнүгүү жана санариптик трансформация маселелери талкууланды. Тараптар мамлекеттик кызматтарды жакшыртууда инновациялык чечимдерди, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасашты.