Бүгүн, 30-июнда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышып, дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө саламаттык сактоо системасындагы акыркы өзгөрүүлөргө токтолду.
Төраганын маалыматына ылайык, 2023-жылы 2 медициналык мекеме курулса, 2024-2025-жылдары 10 жаңы медициналык мекеме курулду. Учурда дагы 32 мекеменин курулушу жүрүп жатат: 5 – Бишкекте, 6 – Ошто, 3 – Чүй облусунда, 4 – Ысык-Көл облусунда жана 9 – Жалал-Абад облусунда. Алардын курулуш иштерине жалпысынан 8,3 млрд сом бөлүнгөн.
«Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо системасы сапат жагынан да жакшырып жатат: заманбап технологиялар киргизилип, заманбап аппараттар сатылып алынып, мурда мүмкүн болбогон операциялар жасалууда. Эгерде 2021-жылы саламаттыкты сактоо тармагынын бюджети 26 млрд сомду түзсө, 2024-жылы 42 млрд сомду, ал эми 2025-жылы 49 млрд сомду түзүү каралган. Жыл сайын 2,8 млрд сомдон ашык каражат гемодиализ үчүн гана жумшалат. 7 облус үчүн МРТ аппараттары, 4 облус үчүн компьютердик томография жабдуулары сатылып алынды, тез жардам кызматынын жана мобилдик медициналык бригадалардын автопаркы толукталууда. Бул иштер улантылат», — деди Касымалиев.
Иш-чара соңунда төрага дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук каалады.
