Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Өз куттуктоосунда өкмөт башчысы 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз тилиндеги “Эркин-Тоо” гезитинин алгачкы саны жарык көргөнүн белгилеп, бул күн улуттук журналистиканын пайдубалы болуп калганын эске салды.
“Маалымат адамдын жашоо-турмушунда ар дайым өзгөчө орунда турат. Айрыкча, бүгүнкү санариптешүү доорунда анын ролу ого бетер артты. Маалымат коомдук пикирди калыптандыруунун күчтүү куралына айланды. Ушундай шартта калем ээлери — мамлекет менен элдин ортосундагы маанилүү көпүрө”, — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Өкмөт башчысынын айтымында, журналисттердин ар бир сөзүнүн тактыгы жана маалыматтын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик өтө жогору. Ал журналистиканын коомдун күзгүсү катары маанилүү ролун белгилеп, коомдун өнүгүүсү журналистиканын сапатына жана адептүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу экенин кошумчалады.
“Бүгүнкү медиа чөйрө доордун өзгөрүүлөрүнө ылайык өнүгүп, ошол эле учурда өзүнүн кесиптик принциптерин сактап калуусу маанилүү. Сынчыл ой жүгүрткөн, фактыларды калыс баалаган жана окуяларды терең талдай алган журналисттердин көбөйүшүнө тилектешмин”, — деди Касымалиев.
Министрлер кабинетинин төрагасы бардык журналисттерге чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалап, калемдери ар дайым эл ишенимин актап жүрүүсүн каалады.

