Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады.
Сапардын алкагында ал Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Ошондой эле Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрдү. Аны менен катар Ташкент облусундагы күн электр станциясына, Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалы боюнча улуттук көргөзмөгө жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине барды.
Иш сапардын соңунда төрага Өзбекстан тараптын чакыруусу менен кадырлуу конок катары «Өзбекстан-Катар» футболдук оюнун көрүп, андан соң Бишкек шаарына кайтып келди.
Адылбек Касымалиев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

