Бишкек—«Манас» эл аралык аэропорту унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсык катталды.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 11-июнь күнү саат 18:30 чамасында «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унаа Бишкек—«Манас» аэропорту унаа жолунда түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан баланы сүзүп алган.
2012-жылы туулган Ж.К. окуя болгон жерден каза болгон.
«Honda CR-V» унаасынын айдоочусу Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, унаасы айып короого токтотулду.