Акыркы убакта өлкөдө жакшы иштер жүз бере калганда эле социалдык тармактарда, эл арасында да “30 жылда мындай болгон эмес” деген тамаша иретиндеги ылакап көп айтыла турган болду. Албетте, бул ылакап азил аралаш айтылганы менен 100 пайыз чындыгы бар. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери аткарылбаган иштердин катарынын өсүшү, ылакаптын келип чыгышына себеп болгондугу акыйкат. Мисалы, авиация тармагындагы жалпы өзгөрүүлөргө токтолсок, соңку жылдары кеңири реформалар жүргүзүлүп, коопсуздукту жогорулатуу, инфратүзүмдү жаңылоо, кадрдык базаны чыңдоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында реалдуу жыйынтыктар көрсөтүлүүдө.
Ушул аптада “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов дагы бир жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Тактап айтсак, 2026-жылдын апрелинде «Ош» аэропортунун аэробекетинин курулушу бүтөрү маалым болду. Анын айтымында, учурда аэробекеттин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Долбоорго жалпысынан 17 млн АКШ доллары каралып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырып жатат.
“Жаңы курулуп жаткан аэробекет эл аралык каттамдарга колдонулат. Ал эми учурдагы эски аэробекет ички каттамдар үчүн иштейт. Жаңы аэробекет заман талабына жооп берген жабдуулар менен жабдылып, шыбында электр энергиясын үнөмдөөчү жабдуулар орнотулат” деди Самидинов. Жаңы аэробекет эки кабаттуу болуп, жер төлөсү менен курулат. Жалпы аянты 25 миң 443 чарчы метрди түзөт. Жаңы терминалда жүргүнчүлөр үчүн кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу жайы, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотмо жана башка ыңгайлуу шарттар каралмакчы.
Андан тышкары, ушул жылдын июль айында “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына сатып алган мамлекеттик 3 учак алып келинет. Буга чейин кыргыз бийлиги “Asman Airlines” авиакомпаниясын түзүп, “Кыргызстан аэропорттору” өз каражатына 2 учак сатып алган. Азыр ал учактар жаңы эле реконструкциядан өтүп, учуу тилкелерин ишке киргизген Каракол, Кербен, Талас сыяктуу аэропортторуна аба каттамдары тынымсыз жүрүп жаткан убак.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы эл аралык “Жалал-Абад” аэропортунун курулушуна Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 13-майында капсула салды. Бул аэропорттун курулушу аяктаса, 4E категориясына кирген аба майдан болмокчу. Бул аэропорт жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, канаттары 65 метрге чейинки Boeing 737, Airbus A320 жана A321, ошондой эле IL-76, Airbus A330, Boeing 767-300 жана башка учактарды кабыл алат дегендикти билдирет. Аба майдан 381 гектар аянтка жайгашып, жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчү терминалын өзүнө камтыйт. Сыйымдуулугу саатына 350дөн ашык жүргүнчүнү түзөт.
Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет. Узундугу 3800 метр болгон учуу-конуу тилкесин, эки такси жолу жана учактарды токтотуучу алты аянтчаны куруу да пландаштырылууда.
30 жылда ишке ашырылбаган дагы бир өзгөрүү – 2025-жылдын 9-августунан тарта «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө үч тамгадан турган IATA коду FRUдан BSZ деп өзгөрүшү. Өлкөнүн борбор шаарынын аталышы Фрунзеден Бишкекке эбак өзгөртүлгөнү менен биз, кыргызстандыктар дүйнөнү FRU белгисинин алдында кыдырып жүрдүк. Бул мүчүлүштүктү өзгөртүүгө 30 жылда эч бир бийлик батынбаганы өкүндүрүп келген. Ошондуктан да Бишкек деген сөзгө дал келген BSH эн белгисин башка өлкөгө тарттырып жибергенбиз.
Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылып, учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана «Манас» эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга өтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Андан сырткары Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кадрдык базаны чыңдоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында иш алып барууну ыкчам аракеттер менен ишке ашырууда. Кыргызстандык авиакомпаниялар «Эл аралык нормаларга дал келбейт» деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин «кара тизмесине» кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечилген эмес. Азыркы бийликтин жасаган аракеттеринин натыйжасында 10-13-март күндөрү Кыргызстандын учактарын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Бишкекте сүйлөшүүлөр жүрүп, Европалык авиация коопсуздук агенттигинин жана ЕБдин Транспорт жана мобилдүүлүк боюнча башкы башкармалыгынын эксперттери Кыргызстанга келип кетишти. Өкүлдөр Кыргызстандын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу үчүн жасап жаткан иштери менен толук таанышып, олуттуу жылыштарды белгилешкен. Бул башта айткандай 30 жылда “кара тизмеден” чыгууга болгон биринчи реалдуу аракет болду десек жарашат.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА