"Эркин-Тоо"
Орошон ой Эркин Тоо гезити

АГАДИЛ АДАМ, АР ТАРАПТУУ КАЛЕМГЕР

Шекербек Калыковду алгач, 1985-жыл болсо керек, Базар-Коргон райондук “Эмгек жалыны” гезитинин редакциясынан көрдүм. Шыңга бой, арыкчырай, көздөрү бир башкача жанып турган жигит экен. “Саламатсызбы, эже?” деп, боор тарта ыйбаа учурашканы эсимде… Андан бери далай жылдар агып өтүп, заман өзгөрүп дегендей, ошол көздөрү бир башкача жанып турган жигит, 60 жаш  куракка келип калыптыр… Ал бул куракка түмөн түйшүктүү журналисттик кесипти татыктуу аркалоо менен, Кыргыз көркөм адабиятына да салымын кошуп – “Жүрөгүңдүн көзү курч” аттуу поэтикалык жыйнагын жана “Сага тийгенче уй бакпай, же Шапа акенин жоруктары”, “Күлгөнүң – майрам”  деп аталган прозалык китептерин окурмандарга тартуулады.

Шекербек Калыковду, замандаш эжеси катары – жөнөкөй, кимге болсун пейили ак, колунан келип турган жакшылыкты эч кимден аябаган, күпүр кептен алыс, кем сөз, маданияттуу, дайыма ойлуу жүрүп ой баккан Адам катары билем. Мындай инсандык жогорку сапаттарды алып жүргөн адамдын ички жан дүйнөсүндө – жакшылыкка сүйүнүү, жамандыкка күйүнүү, табият көрүнүштөрүнө, күнүмдүк тиричиликке, заман өң-ырайына, андан келип жалпы Адамзат эртеңине, Жер тагдырына саресеп салып толгонуу жашаары бышык. Шекербектин мына ошол баамдоолору, толгонуулары – жогоруда аталган китептеринин ичинде… “Жүрөгүңдүн көзү курч” ыр китебинен ошондой ой саптарынан окуйлучу:

 

Душман калбай, мүлдө, түгөл достошсо,

Кек сактоону, көз артканды токтотсо…

Гүл өстүрмөк космоско…

 

Кандай философиялуу керемет чындык! Жер планетасын байырлаган Адам аттуунун жашоо-тирилиги абалтан бери карама-каршылыктар, араздашуулар менен коштолуп келатпайбы. Канча бир кылымдарды арытып, Адамзат – жашоо-тирилиги, билими жагынан өнүктү дегенибиз менен, жашоо образы форма жагынан өзгөргөнү менен, маңызында – баштагы “жарым жапайычылыгы” менен калып отурат… Бул аныктамабызга – дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы учурдагы жер талашуулар, кыраалыктардан келип чыккан араздашуулар, тынч жаткан элге бүлүк салган согуштар, ядролук согуш коркунучу – мисал. Акын бул үч сабы менен – ошол чоң чындыкты айтыптыр.

 

Жандырбастан шаңын – элдин, –  эргүүсүн,

О, Жараткан, токчулуктун бер күзүн…

Өзүң сакта Жер жүзүн!..

 

Акын бул ыр саптарында – айныгыс чындыкты, бүтүмдү айтып коюптур. Ырасында, “кана, кантээр экенсиңер…” дегендей, көз салып турган Жаратуучу гана Жер планетасын сактап калбаса, алкы бузулуп, жаңжал менен согуш жасап аткан адам-пенде эсине келер эмес… Илимий-техникалык ачылыштарды адамзаттын жыргалчылыгы үчүн эмес, бейпилдикти бузууга, Жер-энени кансыратууга жумшап аткан адам-пенде, алган багытынан кайтар эмес… Адам-пенденин эки жүздүүлүгүнө, өзүмчүлдүгүнө айран болгон, нааразы болгон акындын жан дүйнөсү Адам-пендеге мындайча кайрылат:

 

Адам-пенде, сен атуулсуң, жарансың,

Айлакерсиң, сендей кайдан жаралсын?..

Ыркты бузар зилиң кайнап ичиңде,

Ынтымакка неге мынча сараңсың?!

 

Адам-пенде, төрөсүсүң акылдын,

Бүт жаханды “аалам төргө” батырдың.

Бүт байлыкты бир ууч топко

               башкартып,

Ырыскысы кемип барат жакырдын…

 

Тактап коерум, Шекербек Калыковдун ыр жыйнагындагы көпчүлүк ырлары 30-35 жыл илгери жазылган ырлар экен. Ошондон улам бул китепке баш сөз жазган Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, “Эрте жетилип, кеч келген акын” деп баа бериптир. Карбалас Бакиров белгилегендей, Шекербектин ырларына – кыскалык, тактык, башкысы ой айтуу таандык. Ой – ырдын борбору. Ойсуз ырдын өзөгү жок болуп калат. Ал эми өзөксүз – сөздөрдүн өйдө-төмөн тизмеги гана пайда болот.

Акындын ыр жыйнагындагы дагы бир салмактуу, олуттуу ойлор айтылган чыгармасы – Ковид-тумоосунан улам жаралган “Бул оору эмес” аттуу философиялуу түрмөгү.

 

Бул оору эмес…

Ылай дүйнө дымып, кайра тунганы,

Ыйманыңды тазартып саа сунганы…

Ойрондолуп, бүт турпаты ууланган,

Онтоп жаткан Жер-Эненин муң-зары…

 

Бул оору эмес…

Намыс менен наадандыктын айтышы…

Байлык издеп бүлүндүргөн жай-кышы,

Курмушудай куйкаланып бараткан,

Кунары учкан табийгаттын каргышы…

Бул оору эмес…

Ач көздүктүн акыбети, оо, арман…

Алдастаган мусапырдай жоо чалган…

Олжо болгон мергенчиге энеси,

Чаарчыктын чаңырыгы тоо жарган…

 

… Адамзаттын бүгүнкү жоруктарын, кан жуткан Жер-Эненин бүгүнкү абалын көз алдыңа тарткан кандай күчтүү, курч, таасын ойлор, салыштыруулар!.. “Ковид – бул оору эмес, адамзаттын сезим-туюмун ойготууга болгон Жараткандын сыноосу…” деп жыйынтыктайт акын оюн.

Шекербек Калыков – мыкты сүрөткер. Алган темасына жараша, ырларында – кадимки эле жашоодогу окуялардын ар түрдүү сүрөттөрү жатат… Ырларында, окуп жаткан окурмандын көз алдына ар кандай турмуштук көрүнүштөр, болмуштар кадимкидей тартыла түшкөн чебер салыштыруулар арбын.

Мисалы:

 

Мезгил өжөр, өктөм тура ашынган,

Балалыгым издейм, таппай башым маң…

Бедезарга жашынган.

 

Бедезарга жашынып калган балалык… Философиялуу, ары элестүү салыштыруу.

 

Тунжурайт фонтан дагы оргуп атпай,

Балдар жок, сууга түшкөн убап-чубап.

Саргарып желге калкыйт жалбырактар,

Күмүш күз – доорун сүрүп, сайран курат…

 

Бул ыр саптардан, жай бүтүп, күчүнө кирген күз элеси гана көзгө тартылбай, күз жытынын илеби да уруп тургансыйт…

 

Бай түп дарак бороон менен элдешпей,

Баштап барат кол башчыга

               теңдештей…

Теректерди желдеттей…

 

Ооба, бул үч саптан – каршылыкка кайышпай да майышпай, чоролорун “алгалап” бараткан баатырдын элеси кадимкидей көзгө тартылат…

 

Аңкыган назик дүйнөгө,

Алкымың ачпа сен көчкү…

 

Контрасттуу табият көрүнүшү… Ошол эле учурда табияттын табышмактуулугу, кудуреттүүлүгү аң-сезимиңди аралап өтөт…

 

Өпкүлөп жашыл шиберди,

Ойготот жамгыр шыбырап…

 

Ырас эле, жамгыр дароо эле төгүп кирбейт… Жамгыр алгач маин тамчылап баштап, анан жаай баштайт…

 

Талпынып талбай учкан бакыт кушум,

Бузулбас уя салчы жүрөгүмө…

 

Жүрөккө салынган уя… Укмуш салыштыруу… Жүрөккө уяны – Тагдыр гана салышы мүмкүн. Уядагы бакыт – жан дүйнөнүн бейпилдиги, орундалган максат-тилектерден толкуган абал, маанай…

 

Тээ кырдагы кароол өңдүү карааны,

Карт тарыхтын кылымга дос дарагы…

Элестетет бабамы…

 

Бийиктик деген, бийиктик. Ал – каратат, суктантат жана өзүн көздөй умтултат. Урпактар – Ата-бабалардын акылынан, Умай энелердин мээриминен алдыга карай багыт алат. Адамзат ушинтип жашап келатат.

 

Эмгек кылсак алкыштарга татырлык,

Бакыт өзү келет эшик каккылап…

 

“Аракетке берекет” дегендей, эмгек эч качан адамды талаага калтырбайт. Эмгек адамды – бактылуу да, күчтүү жана өзүнө ишенимдүү да кылат эмеспи.

 

Жүргөн менен алыста, сүйүүбүз бар –

Ортобузда бузулгус көпүрөбүз…

Ооба, сүйүү – алыстыкта билинет, сүйүү – алыстыкта сыналат… Айрымдар сүйүүнү кол кармашуу гана деп түшүнүшөт эмеспи.

 

Таберигим… түк сездирбейт ооруну,

Табы жылуу, сылагансып жонуму…

Апакемдин жоолугу…

 

Акын  Эненин касиетин, баласына жаны курман жан дүйнөсүн – жөнөкөй эле сөздөр менен, ал салынып жүргөн жоолугу аркылуу айтып жатат. Энени жоолуксуз элестетүү мүмкүн эмес. Жоолук – эненин көркү, мээрими, касиети, айрыкча Кыргыз-энени көрктөп турган символ!

 

Жымыңдаган жылдыздай күлкүлөрүң…

 

Абдан эмоционалдуу сап! Ооба, күлкүнүн да түрлөрү болот. А бул саптан, күлкүнүн – жылдыздай жарык аткан сүрөтү тартылат…

 

Максаттарга жан үрөйм актай калган…

 

Улуу Айтматов: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп айткандай, адамдын жашоосундагы башкы маселе – башкаларга көбүрөөк көз салып сынтагуу эмес, башкы маселе – өзүңө көз жүгүртүү, кылган иштериңе, алган багытыңа баа коюу. Эмне иш бүтүрдүм, алдыда дагы кандай иштерди бүтүрүшүм керек? – деген суроолор менен жашоо.

Поэзия “жыттанган” кайып саптар… Акындын жогорудагы терең мазмундуу, көркөм сүрөттүү саптары окурманга көркөм ырахат тартуулап, жан дүйнөсүн тазартат. Чыныгы поэзиянын табияты менен күчү – мына ушунда.

Шекербек Калыковдун “Турмуш” деп аталган ырын окуп, балалыктын тээ алыскы жылдарында өзүм күбө болгон, эстутумда жашап калган турмуш-сүрөт тартылды көз алдыма… Жылмайып жибердим… Ырды толук келтирейин:

 

“Жулам дейсиң башымды, деги кимсиң?”

деп жеңекем оолугат азоо жандай.

Байкем анда жулунат жолборс сүрдүү,

Мен жүрөмүн “кой-ай” деп койдура албай.

 

Жаңжал токтоп бир паста тунжурайбыз,

Ичилбестен куюлган чай да муздап.

Койдой момун ал байкем олтургансыйт,

“Капа кылып койдум” деп ичтен сыздап.

 

Күнөө коюп байкеме минтем анан:

– Ыя, жеңеке, деги ушу байкем акмак!..

Таарынычын унутуп кабак жайып,

“Акеңиз” деп кайра эле турат мактап.

 

… Бири-бирине кечиримдүүлүк менен караган элеттик нукура кыргыз үй-бүлөсүнүн күнүмдүк турмушунан элестүү картина… Айрыкча нукура кыргыз зайыптын абалтан келаткан күйөө сыйлоо табияты, балдардын атасы, үй ээси деген ыйбаасы, кечиримдүүлүгү абдан элестүү тартылган.

Жыйнакта акындын жарандык-атуулдук темадагы ырлары өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

 

“Мейли чыксын, эрким байлаар бир өкүм,

Алмаштырбайм дүнүйө-мүлккө…

               миң өтүн…

Туулган жердин сүрөтүн” дейт акын. Жогоруда белгилегенибиздей, Шекербек ар бир ырында ой айтууда табият тартуулаган жөнөкөйлүгүнөн жанбай, ошол жөнөкөйлүгүнөн тереңдик калкып чыгат.

Акындын “Кыргыз мүнөз үч тамга” аттуу эң мыкты ыры бар. Ал ырга улуу акын Карбалас Бакиров баш болгон бир топ акындар, адабиятчылар баа берип келишет. Аталган ырды толук келтирели, антпесек айткан оюбуз да кургак болуп калчудай:

 

Кыянаттык кылып өткөн өмүргө,

Төп келбеген иш жасадык Теңирге.

Тилибизге төөдөй кызмат өтөгөн,

“Ө” тамганы өгөйсүнттүк кээ бирде.

 

Ыкшоолукту күндө башка жазданып,

Жай келгенде атты туура жазбадык.

Кылым күүсүн көөдөндөрдө ыр кылган,

Кызматы зор “Ү”нү жээрий жаздадык.

 

Биз турмушта жеңил баада сыналып,

Куру кепке миң толгонуп чыңалып…

Алгаладык шамал кууган камгактай,

Аңдабасак унутулмак “ң” калып.

 

Күтпөйт мезгил, калбай саптан ыкчамда,

Канатсыңар тилим көккө учканга.

– Калкым барда жар саларсың дүйнөгө,

Көкөлөй бер, Кыргыз мүнөз үч тамга”.

 

Ооба, бул үч тамга – кыргызга гана тиешелүү жана кыргызга гана кызмат кылып келет. Кыргыз иденттүүлүгүнө кызмат кылган тамгалар! Автор бул тамгалардын кыргыз элине кылган кызматын көкүрөгүн төгүп баяндаган.

Жогоруда Шекербек Калыков сүрөткер акын деп белгилебедикпи. Табият көрүнүштөрүн, жашоо ой-кырларын чебердик менен сүрөттөй билген акын, “Автобиография” аттуу ырында өзүн да эң сонун сүрөттөп койгон экен:

 

Эпчил болуп же алака түзө албай,

Ээн-эркин көк деңизде сүзө албай…

Жашап келем конок сындуу борбордо,

Элет жактан тамырымды үзө албай.

 

Аңдабадым алысын же жакынын,

Аздек туттум адамзаттын асылын.

Бул өмүрдү кармап турчу немедей,

Жакшы көрөм жай басканды… акырын.

 

Кыял чиркин… бирде түнтмүн… азоомун,

Футбол көрүү, сүкүт тартуу “баш оорум”…

Шаани-шөкөт, шапар тебүү мага жат,

Шашпай жашоо – образы жашоомун.

 

Мына ушундай. Шекербек бул ырында өзүн укмуштай таасын тартып койгон экен. Сөздүн кудурети канчалык! Бирок сөздү туура кынаптап, көп сөздүүлүккө жол бербөө – ал акындын табиятына, талантына жараша, албетте. Дегеним, акын көп сөздүүлүккө сараң карап, айтар ар бир оюн, ар бир сабын ичтен ийлеп бышырып, анан окурманга сунуштайт.

Ал эми “Сага тийгенче уй бакпай, же Шапа акенин жоруктары” жана “Күлгөнүң – майрам” прозалык жыйнактарына токтолсок, негизинен сатира-юморлордон турат. Китептерде муңайым, олуттуу турмуштук тагдырларды баяндаган бирин-экин аңгемелер да орун алган. Адатта, сатира-юмор десе эле чыныгы турмуштан караманча алыс, ойдон чыгарылган баянды элестетебиз. Ошондой ашепке кетип калган, чыныгы турмушта боло бербеген окуялар баяндалган сатира-юморлор союз учурунда басымдуу эле. Ал эми Өлкөбүз эгемендик алган жылдардан бери, адабияттагы – сатира-юмор жанры аксап калды. Бул жанрдагы китептер жокко эсе, болсо да сейрек. Жазуучу Шекербек Калыков ошол кенемтенин ордун бош калтырбай, аталган жанрда эң сонун аңгемелерди жаратып, окурмандардын жарпын жазып келатат. Анын сатира-юморлору күнүмкү биздин турмуштан эле алынып, биресе театрдын сахнасында кейипкерлер ойноп жаткан окуяны баяндап жаткандай туюлат. А бирок автор турмуш, тагдыр сахнасындагы окуяларды сүрөттөп жатканы, ар бир аңгемесинен көрүнүп турат. Анын аңгемелери театр сахнасына алып чыгууга ылайыктуу даяр сатиралык чыгармалар.

Жазуучунун “Сага тийгенче уй бакпай же, Шапа акенин жоруктары” аттуу алгачкы сатиралык китеби тууралуу Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров: “Шекербек Калыковдун күйдүргү аңгемелеринен Шукшиндин кыргыз каармандарын жолуктуруп, айрыкча Шапа аке жөнүндөгү кыска аңгемелерин ырахаттануу менен окуп, мээ сергиткенимди айта кеткеним абзел. Автордун турмуштан калпып алган чыгармаларында Шекербектин өзүнүн гана мөөрү бар. Элдин жүрөгүнөн түнөк таап кетер каарманы бар автор чанда кездешет эмеспи. Шекербектин “Шапа акеси” мына ошондой каармандардан деп ойлоймун” деп жогору баа берген.

Жазуучу Шекербек Калыков абдан баамчыл, канчалаган каармандардын кулк-мүнөздөрүнө жараша сыр каткан жактарын призма аркылуу көрүп жаткандай жеңил, жандуу, таасирлүү тартып берет. Сатира-юморлордон турган эки китебиндеги ар бир аңгеме укмуштай чебердик менен мыкты иштелген. Ар бир аңгеме жылмайтат, ойлондурат. “Күлгөнүң – майрам” китебиндеги “Жаза” аңгемеси гана муңайым тагдырды баяндаптыр. Калган аңгемелердин баары окурманга күлкү тартуулап, көңүл тазартып, маанайыңды жаркытат. Бул – Шекербек Калыковдун юмор-сатираларынын бир тарабы. Экинчи тарабында – ошол жылмаюу, күлкү тартуулаган чыгармаларда – ачык, түз айтылбаган чындыктар жатат. Ал чындыктар аркылуу автор – айрым адамдарды, турмуштук көрүнүштөрдү сынга алып жатат… Андыктан, жазуучунун аңгемелерин окуган окурман жылмайып-күлүп гана тим болбой, өзүнө бир топ сабактарды да алат. Чыныгы чыгармадан окурман өзүнө – көркөм ырахатты, ой чегинин кеңейүүсүн, пайдалуу кеңештерди жана сабактарды алат. Шекербек Калыковдун прозалык эки китебиндеги тең чыгармаларында мына ушундай сапаттар бар. Талантыңа таазим, Шекербек иним!

Урматтуу иним Шекербек Мусабекович, 60 жылдык кутман курагың кут болсун! Үй-бүлөң, бала-бакыраң, дос-жарларың, эли-журтуң менен амандыкта бол. Жаңы чыгармаларды жарат. Сендей сезимтал чыгармачыл инсандын сапарында, дагы жаңы, мыкты чыгармалардын айдыңы жаткандыр.

Элине “Сага тийгенче уй бакпай, же Шапа акенин жоруктары”, “Жүрөгүңдүн көзү курч”, “Күлгөнүң – майрам” деген мыкты китептерди тартуулаган акын жана жазуучу Шекербек Калыковдон, окурмандар дагы жаңы поэтикалык ой толгоолорду, прозалык түрдүү жанрдагы маңыздуу чыгармаларды күтөөрүнө ишенем.

 Фатима Абдалова,

Кыргыз Республикасынын

маданиятына эмгек сиңирген ишмер