Жакында май майрамдарында Кочкор районундагы туулуп өскөн айылым Кызыл-Дөбөгө барып, биз окуп бүткөн орто мектепке ат коюу жөнүндө бир жаңылык угуп, ошондон улам ушул макаланы жазууга аргасыз болдум. Кочкор районунда биздин Кызыл-Дөбө орто мектеби жана дагы 2-3 эле мектепкке адам аттары коюлган эмес. Ошондуктанбы же райондук жетекчилер убакыт келди деп чечишкенби, мектептин атын ушул инсандардын биринин атынан коёсуңар деп тизме жиберген. Алар сунуштаган төмөндөгү фамилиялардын ичинен бирөөнү тандаш керек экен (Ч.Айтматов, Б.Исакеев, Ормон хан, Ниязбек уулу, Алымбек Датка, Т.Кулатов, С.Бегматова, К.Кондучалова, Э.Турсуналиев ж.б.).
Байкаган кишиге жогорудагы инсандардын атынан республика боюнча мектептердин аттары коюлган. Кайталап кайрадан алардын атын берүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Албетте, мен ал адамдардын тарыхий ордуна, мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү ролуна күмөнүм жок. Болгону, ошол өрөөндөн чыккан алгачкы кыргыз тарыхчысы, санжырачысы, өз заманынын прогрессивдүү ой жүгүрткөн чыгаан инсаны Осмонаалы Сыдык уулунун аты ал тизмеде жок болгону кабатыр кылды. Ооба, Осмонаалы Сыдык уулунун өмүр баяны менен чыгармачылыгына болгон мамиле системалык, режимдик көз карашка ылайык өзгөрүп турган. Совет мезгилинде “эл душманы”, “манаптын тукуму” сыяктуу каралоого кабылган биринчи кыргыз тарых жазуучусу далай азап-тозок менен жазылган эмгектериндеги жеке көз карашын коргоп калмак түгүл, кара жанын араңдан зорго куткарып Мекенин, үй-бүлөсүн жана сүйүктүү ишин таштап башка жер, чоочун элге качууга аргасыз болгон.
Белгилүү тарыхчы “Манас” университетинин профессору, тарых илимдеринин кандидаты М.Ч. Кожобеков: “Кыргыз калкынын Орусия мамлекетинин курамына кошулушун цвилизациялык жаңы чакырыктар пайда болгондугун О.Сыдыков илгиртпей байкаган. Интуициялык деңгээлде болсо да ал кыргыз коомун келечекте жаңы өзгөрүүлөр күтүп тургандыгын, ал үчүн калк даяр болуп, цвилизациялык чакырыктарга татыктуу аралашып кетишин каалаган. О.Сыдыков ал жолду илим жана билимден көргөн. Мындай көсөмдүккө тарыхий көз карашы калыптанган жана тарых жөнүндө терең түшүнүгү бар адам гана жарамдуу экендиги талашсыз чындык эмеспи!? Ал адам алгачкы кыргыз агартуучуларынын бири – Осмонаалы Сыдыков болгон” деп жогорку баасын берген. Айтылуу окумуштуу лингвист Хусейин Карасаев: “О. Сыдыковдун чыгармалары нукура кыргыз тилинде жазылган, ал тургай диалект өзгөчөлүгү сакталгандыгы менен уникалдуу” деп өз баасын берген. Ошондой эле Х.Карасаев: “Анын эки чыгармасында тең кыргыз урууларынын келип чыгышына байланышкан уникалдуу маалыматтар кездешет. Кыргыз этносунун этимологиясы боюнча олуттуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн С.М.Абрамзон өз мезгилинде жетишсиз маалымат топтомуна байланыштуу айрым уруулардын пайда болушунан күмөн санап, божомол гана жасоо менен чектелген. Эгер С.М.Абрамзон Осмонаалы Сыдыковдун өз убагында эмгектерин колдоно алса, анда кыргыз калкынын кээ бир этникалык көйгөйлөрүнө байланышкан маселелердин ажааты ачылмак” деп баса белгилеген.
1990-жылдардын башында КМУнун студенти кезинде андагы жаш тарыхчылар ассоцациясынын мүчөсү, белгилүү жазуучу, КРнын Президентинин кеңешчиси Аслан Койчиев 1991-жылы Кыргызстан Маданияты гезитине ал жөнүндө кеңири макала жазып, анын бейнесин “Осмоналы Сыдык уулу (1875-1942) деген тарыхчы, ойчул болгон. Абайылданын урпактарынан, б.а. кадимки Төрөгелди баатыр, Молдо Кылыч, Канат хан ж.б. көрүнүктүү адамдардын жакын тууганы. “Ойчул” дегеним, кыргыз улуту тууралуу көп ой толгогон. “Ким эле ошол заманда кыргыз элине кызмат өтөй алган?”, “Ал ким? Эмне эмгек сиңирди?” деген суроолорго жооп издеп, бейнесин ачып берген.
Энциклопедиялык маалыматта Осмонаалы Сыдык уулу Пишпек уездинде Абайылда болуштугуна караштуу (ал учурдагы Темирболот) Каракол жана Сөөк сууларынын кошулушундагы азыркы Кызыл-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген деп жазылат. 13 жашында Токмок шаарындагы Шакир калпадан билим алган. Дал ошол Шакир калпа өспүрүмдүн зиректигин байкап, окуусун андан ары улантууну сунуштаган. 1895-жылдары Осмонаалы окуусун улантууга каражат топтоп, өз айылына туруктап Темирболот айылындагы балдарды чогултуп, диний билим менен бирге география, тарых билимдерин берүүгө аракет жасаган. Өзүнө аздыр-көптүр каражат жыйнагандан кийин 1899-жылы Чыгыш Түркистандагы Үч-Турпан шаарына барып, билимин уланткан. Ал жакта билимин улантышына Кашкардагы катуу жер титирөө тоскоол болуп, эл ал тараптан башка жактарга ооп баштайт. Ошондо ал кайрадан өзү алган билимди айылындагы балдарга берүү үчүн, бир жылга жакын мугалимдик кылып, кийин Бухара шаарында билим алган.
Байкасаныз, бул адам кайда барып билим албасын, тез кайтып келип, алган билимин өзүнүн киндик каны тамган айылдагы балдарга бергенче шашып турган. Бухарада окуп жүргөндө чогуу окуган өзбек балдардын: “кыргыздын тарыхы жок, кыргыз кырк кыздан тараган, кыргыздын атасы да жок” деп келекелегени намысына катуу тийип, кыргыз тарыхын жазууну башкы максат кылганын өзү айткан жайы бар. Бул улуттук ар намыс, улуттук кызыкчылыкка кызмат кылуунун эң жогорку үлгүсү эмей эмне? Бул максаты үчүн ал кыргыздын тарыхына өмүрүн арнап, кийин жер кезип Россия, Ооган, Араб, түрк өлкөлөрүн түрө кыдырган. Ошентип, көптөгөн изденүүлөрдөн кийин 1913-жылы атасынан калган боз үйүн сатып, Уфа шаарына барат да бир жыл окуйт. Бир жылдан кийин өзүнүн чогулткан материалдары изилдөөлөрүнүн негизинде “Муктасар тарых Кыргызия” деген китебин Уфадагы “Каримов, Кусаминов жана К” коому тарабынан чыгартып алууга жетишет. Кийин 1914-жылы колунда болгон малын, минген атын сатып барып, ошол эле Уфа шаарындагы “шарк” басмаканасынан “Тарых кыргыз Шадмания” деген китебин чыгарып, төөгө жүктөп, өз элине алып келген. Ал 1920-жылдан 1928-жылга чейин Пишпекте татар мектебинде мугалим болуп иштеп, жергиликтүү калктын сабатсыздыгын жойууга өз үлүшүн кошкон алгачкы билим ишмерлеринин бири болгон. Көп жер кыдырып, чет жерден билим алып, аң сезими өскөн инсандын саясий жактан да көз караштары өзгөрүп, өзүнүн модернист катары саясий пикирлеринин азабын тартып, 1930-жылы алгач Пишпектин түрмөсүндө, андан соң экинчи жолкусунда Ташкенттин түрмөсүндө камалат. Эки жылдан кийин түрмөдөн качып чыгып жөө жалаңдап өз айылына келет. Туугандар арасындагы келишпөөчүлүк, саткындыктын айынан аны эл душман катары кайра кармап, колго түшүрүп беришет. Биринчи түрмөгө түшкөндө эле аны өлүм жазасына буюрушкан. Экинчисинде сөзсүз өлтүрүшмөк. Аны айдап баратышкан учурда эки милиционерди өлтүрүп, 1933-жылы Кашкарга качып кеткен. Кашкарда диний билимдин аркасы менен эки жыл мечитте имам болуп иштейт. Андан соң Кулжа шаарында Сталин атындагы гимназияда өмүрүнүн акырына чейин сабак берген. Ошол жакта дартка чалдыгып, узакка созулган безгек оорусунан улам 1942-жылы 63 жашында кайтыш болгон.
Мына ушундай билимдүү, өз заманынын эр жүрөк чыгаан инсаны Осмонаалы Сыдык уулунун атын Кочкор районунун Кызыл-Дөбө орто мектебине берсе абдан туура болмок. 2011-жылы болсо керек, Осмонаалы Сыдык уулунун кызы Бүбүш апа “Кызыл-Дөбө орто мектебине атамдын атын бересинерби?” деп өтүнүп, мектеп жамааты менен жолугушкан. Ошондо көпчүлүк түшүнүп-түшүнбөй, ар кимиси мугалим болгон чоң аталарын, РаОНО, ОблОНО болгон туугандарынын атын коюп алабыз деп ит жыгылыш болуп, Бүбүш апанын шагын сындырып, узатышкан. Азыр ойлосом үмүт менен келген Бүбүш апанын кандай абалда кеткени көз алдыма элестейт. Ошондон көп өтпөй ал кишинин көзү өтүп кетти. “Сен тарыхты тапанча менен атсаң, тарых сени замбирек менен атат” деген маанилүү сөз бар. Кызыл-Дөбө айылынын же Кочкор районунун эле эмес, бүтүндөй кыргыздын тарыхын, санжырасын чогултууга өмүрүн арнап, саясий режимдин куугунтугуна кабылса да кайра тартпай, улуу максатын уланткан Осмонаалы атабызды барктабасак, тарых кечирбейт! Балким “Ала тоодой эт, ала көлдөй чык” кылып, дагы бир инсандын колунда бар уулу аракет кылып, атын койдурган учур кайталанып, көрпендечиликтен көтөрүлө албай, тарых алдында жер карап калабызбы деп чочуйм. Айрымдар бирөөнүн атын койгондо эмне? Андан көрө Кызыл-Дөбө орто мектеби бойдон кала берсин деп да жүрүшөт. Осмонаалы Сыдык уулу көптүн бири эмес, Кызыл-Дөбө айылына же касиеттүү кара Кочкорго эле эмес, бүт кыргызга ат көтөргүс эмгек жасаган инсан. Мындай улуу агартуучу убагында баркталбай калса да азыр даңазасын артыруу биздин муундун арбак алдындагы урпактык ыйык парзы. Кымбаттуу айылдаштарым, урматтуу айылдык кенештин депутаттары, сиздер туура түшүнүп, кызганыч кылбай, көрпендечиликтен бийик туруп, бул инсандын атын Кызыл-Дөбө орто мектебине ыйгарууну колдоп берээринерге терең ишенем. Осмонаалы Сыдык уулунан тукум калган жок. Анын тагдыры бир чети даңазалуу, бир чети трагедиялуу болгону ачуу чындык. Кызыл-Дөбө деген ат биздин айылдын аты. Ал түбөлүк турат! Кызганычтык кылбай, мектепке Осмонаалы Сыдык уулунун ысмын берели. Эң алгачкы агартуучу атабыздын арбагы колдосун! Анын ысымын алып жүргөн мектептен билимдүү, илимдүү чыгаан уул кыздар чыксын. Мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн “мен Осмонаалы Сыдык уулу атындагы мектепти аяктагам” деп сыймык менен айтып жүрүшсүн.
Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ,
Саясий илимдердин кандидаты, докторант.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти.