"Эркин-Тоо"

Агрардык тармактын оош-кыйыш абалы

Алдыдагы жазгы талаа жумуштарына даярдыктар кандай?

Быйылкы жазгы айдап-себүүгө өлкө аймагы боюнча жалпы 67,2 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрү керектелсе, ушул күндөрү анын 56,0 миң тонна үрөнү топтолуп, 83,3% камсыз болду. Жетпеген үрөндөр Россиядан келген жана дотация системасы аркылуу камсыздалат. Анткени, дотация системасы аркылуу 2020-2023-жылдары 30% арзан баада 7,7 миңден ашык дыйкандарыбыз 10,0 миң тонна үрөн алышкан. Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү жалпы аянттын 30,0%ын гана ата-мекендик үрөндөр ээлейт. Бул көрсөткүч, “агрардык өлкөбүз” деп төш каккылаган биздин мамлекет үчүн албетте, чоң суроолорду жаратары шексиз.

Жер семирткичтер менен күйүүчү майдан көйгөй жаралбайт

Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык керектөө 286,7 миң тоннаны түзөт. Күйүүчү-майлоочу майлар боюнча 42,5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бүгүнкү күнгө карай талап кылынуучу майдын 32,0 % камсыз болуп, базардагы орточо баасы 71,5 сом болууда. Мындан тышкары дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу дыйкандарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү максатында мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 63,5 сомдон дизель отуну берилип, фонд тарабынан кошумча дагы 7,0 млн литр дизель отунун берүү каралып жатат. Былтыркы жылдагы 63,5 сомдук дизель отунунун 770,0 тоннасы алынбай калган. Быйыл бул жагынан көйгөй жаралбастыгын айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ал эми айыл чарба техникалары жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө 85-90%ы даяр. Бүгүнкү күнгө карай 122 МТС уюштурулган, 49 муниципалдык жана 73 жеке жактардын карамагында 1000 ашык айыл чарба техникалары бар. Быйыл дагы 10 МТС уюштуруу пландалып жатат.

Колдоо болуп жатканда колдон-буттан алалы…

Министрлер Кабинети кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында өткөн жылы 99,5 тонна жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алып, 10,0 миң гектар жайыттарга себүү иштери жүргүзүлгөн. 5 тонна жайыт чөптөрүнүн элита сорттору үрөнчүлүк чарбаларга берилген. Учурда үрөндөр себилген жайыт участокторун тосуп, коруу иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 10 миң гектар себилген аянттан 305,71 гектары гана курчалганынан кабардар болдук. Кызыгы, жогорку бийлик тарабынан жогорудагыдай иштерге олуттуу каражат бөлүнүп, тармакка көңүл бурулуп жаткан чакта тиешелүү кызмат тарабынан жоопкерчиликсиз мамиле болуп жаткандыгына жол болсун.

Багбанчылык жагы унутта калган жокпу?

2023-жылы бардыгы 7 чарбага мөмө-жемиш жана декоративдүү өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын өндүрүүгө жана сатууга адистештирилген П-2 категориясындагы үрөнчүлүк чарба статусу берилип, республика боюнча атайын көчөткана статусу бар чарбалардын саны 14гө жеткен. Анын ичинен Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Достук” үрөнчүлүк чарбасы мамлекеттин менчигине алынган. Көчөтканалардын жалпы иштеткен жери 153,4 гектар аянт, ал эми 2024-жылдын жазгы мезгилге даярдалган көчөттөрдүн жалпы саны 3 329 220 даананы түзүүдө. Республика боюнча 2023-жылы жалпы 12 371 416 даана көчөттөр импорттолуп келди. Өлкө аймагы боюнча жалпы жайыттар 9 млн гектарга жакын жерди ээлейт. Анын ичинен 615 миң гектары асылдуулугу төмөн, тоют бирдиктеринде түшүмдүүлүгү 0,8%га аз. Эгерде бул асылдуулугу төмөн жерлердин 25% ы гана көп жылдык көчөттөр үчүн иштетилсе, анын аянты 150 миң гектарды түзөт. Бул өлкөдөгү жемиш бактарынын аянтын дээрлик 3 эсеге көбөйтөт.

Министрлик эсеп-кысап жүргүзгөн органбы?

Биз жогоруда айыл чарба министрлигинин жазгы талаачылык иштерине камылгасы канчалык экенин сандардын тилине салып, маалыматтарды бердик. Кызыгы, соңку 10 жылда коомчулукта “айыл чарба министрлиги дыйкандарга реалдуу жардам бере албаган, жер ээлеринин, алардын айдап-себүү, түшүмдүүлүгүнүн үстүнөн гана эсеп-кысап жүргүзгөн статистикалык органдын образын берген уюмга айланып калды” деген сындар басымдуулук кылат. Өлкөбүздүн агрардык жаатын жакшы билген мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев бир курдай маегинде “айыл чарбасы жаатында аракеттер бар, бирок, натыйжасы кээде жалпыбыз күткөндөй болбой калууда. Азыр өлкөдөгү жалпы дүң продуктылардын өсүшүнө көз жүгүртүп, анын ичинен кайсы тармак канча пайызын ээлеп турганын эсепке алсак, айыл чарбасы ИДПнын болгону 16%ын гана ээлеп калыптыр. Айыл чарба тармагында толгон-токой резервдердин бар экендиги көрүнүп турса да, иштин кашаң жүрүш менен коштолушу жакшы эмес” – деген пикири коомчулуктагы тармакка болгон сындарды бекемдеп тургансыйт.

Министр Төрөбаевдин айтканы төп келеби?

Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин 1-февралдагы жыйынында билдирген. Анын айтымында, бул каражаттын көлөмү былтыр 3,3 млрд сомду түзгөн. Мындан сырткары “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору боюнча 9,9 млрд сом бекитилген. Бакыт Төрөбаевдин пикирин “Айыл банктын” төрагасы Тилек Алимжанов бекемдеп, 7 миллиарддык насыя мамлекеттик “Айыл банк” жана РСК банк аркылуу берилерин 16-февралдагы парламенттин жыйынында билдирген. Тилек Алимжанов 7 миллиард тууралуу парламентте айтып оозун жыя электе депутат Кундузбек Сулайманов: “Силер райондук борборлорду ачып койдуңар. Алыскы аймактагы дыйкандар район борборлоруна келгичекти арыз жазылып, алар үлгүрбөй калып жатат. Шаарда эки-үч күн түнөп калууга туура келет экен” – деп дыйкандарга берилип жаткан насыялар алыскы аймактагыларга жетпей жатканын катуу айтып, сындап чыкты.

Агрардык тармак “алкы бузуктардан” да куру эмес

Ал ортодо айыл чарба министрлиги менен анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө 2021-2022-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 472 млн, 357,2 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталганын Эсеп палатасы билдирди. Бул мыйзам бузуулар эми ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөөрүн расмий орган тастыктады. Соңку 3 жылда мамлекет тарабынан агрардык тармакты каржылоо болуп көрбөгөндөй жаңы деңгээлде чыкканын мурдагы министр Аскарбек Жаныбеков коомчулукка жар салган. Ошентип, мамлекет бир четинен тармакты каржылоонун көлөмүн көбөйткөн сайын, анын ичиндеги “алкы бузуктар” да бөлүнгөн каражатты четинен кертип-кемтип жатканы көңүлдү чөгөрөт.

Албетте, иш болгон жерде кемчиликтер көрсөтүлүп, ага удаа реалдуу жагдайдагы сын-сунуштар айтылса, мунун асты мамлекет, эң куру дегенде тармак жетекчиси үчүн утуш гана болоору шексиз.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

 

 

 

Сүрөт: интернет булактарынан алынды