"Эркин-Тоо"

АГЫЛГАН АКЧАЛАР АДАЛБЫ?

Дүйнөлүк экономиканын көрсөткүчү доллардын кунуна байланганы качан. Экономикалык жактан өнүгүп бараткан ири өлкөлөр долларга карата альтернативдүү валютаны киргизүүгө аракет кылышканы менен азырынча үзүрүн көрүшө элек. Ушундан улам, “доллардан доолдай тиктирген” заман дагы көпкө уланары бышык.

Ошондуктан, өлкөбүздөгү соодасатык рыногундагы акчанын агымына назар салып көрөлү. Акыркы учурдагы маалыматка көз жүгүртсөк, ушул жылдын 9 айында Кыргызстандан башка өлкөлөргө 779,32 млн доллар которулуп, өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп акча чыгып кеткенин Улуттук банк билдирди. Жыл башынан бери Россияга 680,9 млн доллар чегерилип, август айына караганда 12 млн долларга азайганы менен башка алыскы өлкөлөргө акча которуу 5,3 эсеге өсүп кетиптир. Акчанын сыртка чыгып кетип жатканы кадыресе көрүнүш дешибиз мүмкүн, бирок, бул тынчсыздана турган маселе.

Жакында эле Россиянын «Домодедово» аэропортунда кыргыз жаранынын 4 млн доллар акчасын чаламандын чак түшүндө карактап кеткенин орус басылмалары жазып чыкты. Кыргыз жараны Москвада арзан баада кийим сата турган дүкөн ачууну пландап жатканын, акчаны үй-бүлөсү менен тапканын билдириптир. Ошол эле учурда орус басылмалары алгач аны Москвага доллар алмаштыруу үчүн келген чайкоочу катары сыпаттап жибергендери болду. Канткен менен акчанын сыртка чыгып жатканы факт. Арийне, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине ылайык, бир адамга 10 миң долларга барабар суммадагы накталай акча же акча инструменттерин сыртка алып чыгууга болот. Ал эми 10 миң доллардан жогору суммага декларация толтурушу зарыл экен. Декларация толтуруп коюп, сумкага шыкап акча ташуу оңой эле нерсе окшойт. Ош аэропортунда дагы ушундай акча ташыгандарды карактаган фактылар болгон. Деги эле четке агылып жаткан акчалар адалбы деген суроо жаралат. Же жазасы жеңилби?!

Же болбосо, Кытай жараны биздин өлкөбүздүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын начальнигинин жардамы менен “Халык Банктан” 697 млн 591 миң доллар чыгарып кеткенин эстейли. Кылмыш иши козголуп, тиешелүү адамдар сурак беришкен. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кытайлык аял тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзгөн. Кыскасы, судья кылмыш ишинин материалдарын иликтеп чыгып, айыпталуучу тарабынан кызматташуу келишиминде каралган бардык шарттар сакталганына ынанып, Кытай жаранына 260 000 сом айып пул салыптыр. Кылмышжаза кодексинин 319-пунктунун 1-бөлүгү менен Кытай жаранына козголгон кылмыш иши өтө оор айыптоо десек болот. Тилекке каршы, тергөө менен кызматташуунун шарапаты менен дээрлик 700 млн долларды чыгарып кеткен Кытай жараны бар болгону 3 миң доллардай айып пул төлөп “суудан кургак” чыгып кеткени таң калычтуу. Бул жерде күнөө кимде, мыйзамдабы, же Кытай жаранындабы?

Бизди кубандыра турган маалымат жыл башынан бери мекендештерибиз чет жактан Кыргызстанга 2 млрд 211,53 млн доллар акча которуптур. Бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу 1. 879,23 млн долларга көп экен. Которулган акча каражатынын дээрлик 97 пайызынан көбү биздин өлкөнүн негизги соода-экономикалык өнөктөшүбүз болгон Россиядан чегерилиптир. Россияга карата экономикалык санкциялардын, ошондой эле акча чегерүүдөгү айрым чектөөлөргө карабастан ири суммадагы акча каражатын жөнөтүп жаткан мигрант бир боорлорубуздун эмгеги нар көтөргүс.

Сөз соңунда айта турган жагдай, Кыргызстанда ишкерлер үчүн болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн баса белгилегим келет. Анын айрымдарына токтолсок, инвесторлорду тартуу үчүн, өлкөнүн 30дан ашык калктуу конуштарында ачыла турган өнөр жай ишканаларына мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан алынуучу салыгынан бошотуу каралган. Салык Кодексине ылайык, электромобилдерди жана электробустарды чыгарган ишканалар кошумча нарк салыгынан, эркин экономикалык аймактын субъектилери салыктын бардык түрүнөн бошотулат. Мына ушундай жеңилдиктердин аркасында быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөгө 628 млн доллар өлчөмүндө түз инвестиция тартылып отурат. Мындай шартта чет өлкөгө мүшөктөп акча ташуунун зарылчылыгы барбы? Ар бир мекенчил ишкер азыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга шашылышы кажет.

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Шекербек КАЛЫКОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!