"Эркин-Тоо"

Ахматбек КЕЛДИБЕКОВ: “Президентибиз өлкө келечеги үчүн чечкиндүү кадам жасады”

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек КЕЛДИБЕКОВ

— Ахматбек Келдибекович, Дубайдагы мурдагы өлкө башчыларыбыздын жолугушуусун ар ким алына жараша чечмелеп, бул жагынан түрдүү кеп-сөздөрдү жазышууда. Алардын көпчүлүгү менен иштешкен саясий ишмер катары бул жагын сиз кандайча чечмелейт элеңиз?

— Мурдагы президенттерибиздин Дубайдагы жолугушуусу туура идея! Тарыхты эч ким чийип сала албаган сыңар, каалайбызбы-каалабайбызбы же бирөөгө жагабы балким жакпайбы, 30 жылдык эгемен өлкө болгондон берки булардын президент болуп турушканы тарых. Алардын ар бирин эл шайлаган! Бийликтеги учурунда кандай кемчиликтерди кетирип, кай күнөөгө батышканын мыйзам алкагында сот гана аныкташы керек. Кептин ток этери, Президентибиз тараптан жасалган мындай кадам жакшы жышаан экенин тартынбай айта алам. Үйбүлөдө же кандай жер болбосун ынтымак-ырашкерчилик болсо жакшы жылыш болот эмеспи. Анын сыңарындай мамлекет башчысы катары Садыр Нургожоевич өлкөбүздүн келечеги үчүн чечкиндүү кадам жасады. Анын мындай кадамын ар кандай нерсеге жорубай же жамандык издебестен, жакшы жышаанды жакшы деп эле айтыш керек. Үй-бүлөдө деле балдардын жакшысы же тентеги, шогу бар болот эмеспи. Шок балаңды “тентек экен” деп үй-бүлөңдүн катарынан эч ким чыгарып койбойт да, туурабы? Андыктан, буга чейинки өлкө башчыларын Кыргызстандын жараны, кыргыздын уулдары болгондон кийин биримдикке чакырганы жакшы жышаан.

— Бул жолугушуу боюнча социалдык түйүндөрдө негизинен негатив көп жазылып жатканы эмнеден кабар берет?

— Ошол жолугушууга баргандары ар кимиси өз ойлорун айтып жатышат. Алар да мамлекеттин келечеги үчүн ушундай кадамга барышканын шардана кылышты. Бизде азыр негатив жазган ушунчалык адат болуп калды. Келгиле, ушул адаттан арылбайлыбы эми! Бири-бирибизди жамандап не муратка жеттик! Кыргызда “жаманын жашырып, жакшысын ашырып” деген жакшы сөз бар. Мындай шартта жакшы жагын эле издейличи. Буга чейинки Президенттерибиздин келечектеги тагдыры мындан ары элге байланышкан. Эл кандай чечим чыгарат ошого жараша болот. Бааны буларга эл гана берет! Анткени, ар бир президентти элибиз өздөрү тандап, шайлашкан.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№16 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 3-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!