"Эркин-Тоо"

Ахмет Садык Доган кыргыз элине  ыраазычылыгын билдирди

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет  Садык Доган  бүгүн маалымат жыйын өткөрүп,   Президент Садыр Жапаровго, Министрлер Кабинетине, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана куткаруучуларга,  акчалай жардам көрсөткөн ар бир мамлекеттик ведомство,  айыл өкмөттөрү, жеке компанияларга, уюмдар, диаспоралар,  чыгармачыл чөйрө өкүлдөрү жалпы эле  кыргыз элине  расмий түрдө ыраазычылыгын билдирди.  Элчи мырза   Кахраманмараш, Хатай, Адыяман, Газиантеп, Малатья, Османие, Килис, Адана, Шанлыурфа, Диярбакыр провинцияларында болуп өткөн зилзалада кыргыз элинин жана өлкө жетекчилигинин моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөткөнүнө  чын жүрөктөн ыраазы экендигин  жана түрк эли бул күндөрдө кыргызстандыктардын колдоосун сезип жаткандыгын айтты.

“Жөнөкөй жарандардын элчиликтин алдына агылып, жууркан-төшөгүнө чейин көтөрүп келип,  колунан келген жардамын берип жатканын көрүп өзгөчө сезимдерге  баттым. Мен азыр ал сезимдерди сөз менен айтып жеткире да албайм. Биз ал күндөрдө жана азыр да биздин жаныбызда болгон ар бириңиздерге ыраазыбыз. Айрыкча Туркияда жашаган кыргыз бир туугандарыбыз жардам көрсөтүүдө эч аянышкан жок. Бул кыйын кырдаалда  Түркияга болгон сиздердин сүйүүңүздөр түрк элинин жүрөгүндө терең из калтырды.”,-деди Садык Доган.

Жазгүл Кенжетаева

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!