"Эркин-Тоо"

Аида Курманбаева: Натыйжалуу координация — Ишкердик жана адам укуктары жаатындагы иш-аракеттер планын ийгиликтүү ишке ашыруунун ачкычы

Глобализация жана санарип технологиялардын тездик менен өнүгүшү Кыргызстандын алдында жаңы чакырыктарды жаратууда, анын ичинде ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын эл аралык стандарттарын интеграциялоо зарылдыгы турат. Бул чакырыктын ийгиликтүү чечилиши — туруктуу экономикалык өсүќќ жана жарандардын жашоосунун жакшырышынын кепилдиги.

Ушу тапта КРнын Министрлер кабинети тарабынан бекитилип жаткан Ишкердик жана адам укуктары жаатындагы Иш-аракеттер Планы (мындан ары — Аракеттер планы) бул максатка жетишүүдөгү маанилүү курал боло алмак. БУУӨПтүн эксперти Аида Курманбаева бул Аракеттер планынын максаттары, милдеттери жана ишке ашыруу процессиндеги болжолдуу чакырыктары айтып берди.

Максаттар, милдеттер жана аныкталган көйгөйлөр

— Аида, Аракеттер планынын негизги максаттары, милдеттери жана анын иштелип чыгуу процессинде аныкталган көйгөйлөр жөнүндө айтып бериңиз?

Иш-аракеттер планы Кыргызстандын бизне чөйрөсүндө адам укуктарын урматтоону бекемдөөгө багытталган. Негизги максаттары – эл аралык стандарттарды корпоративдик маданиятка интеграциялоо, бизнестин коом жана мамлекет алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу. Иш-аракеттер планынын долбоорун иштеп чыгуудан мурун жүргүзүлгөн Улуттук базалык баалоо бир катар олуттуу көйгөйлөрдү аныктады: мамлекеттик органдарда да, жеке сектордо да адам укуктарынын эл аралык стандарттарын түшүнүүнүн төмөн деңгээли; мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин жетишсиздиги, бул бизнес менен коомдун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө тоскоол болот; жана акырында, эл аралык стандарттарга шайкеш алып барууну корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин ажырагыс бөлүгү катары эмес, кошумча, керексиз жүк катары кабыл алуу.

— Иш-аракеттер планы кандай эл аралык стандарттарга жана мыкты тажрыйбаларга негизделген жана аны иштеп чыгууда кызыкдар тараптардын кызыкчылыктары кандайча эске алынды?

План эл аралык мыкты тажрыйбаларга, БУУнун бизнес жана адам укуктары боюнча жумушчу тобунун методологиясына жана Даниянын адам укуктары институтунун сунуштарына таянат. Биз бардык кызыкдар тараптардын: мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун катышуусуна өзгөчө көңүл бурганбыз. Көптөгөн тегерек үстөлдөр жана коомдук талкуулар өткөрүлдү. Пландын биринчи долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтына ачык талкуу үчүн жарыяланган, бул ар кандай көз караштарды эске алууга жана документти Кыргызстандын реалдуулугуна максималдуу ылайыкташтырууга мүмкүндүк берди.

Иш-аракеттер планын ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча потенциалдуу тобокелдиктер

— Иш-аракеттер планын ишке ашырууда кандай негизги тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн?

 Биз бир нече негизги тобокелдиктерди бөлүп көрсөттүк: каржылоонун тартыштыгы мониторинг, окутуу жана кабардар кылуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коюшу мүмкүн; мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн жаңы стандарттарды киргизүүгө даяр эместиги; адам укуктары жана эл аралык стандарттар боюнча маалымдуулуктун төмөн деңгээли; бизнес тарабынан адам укуктарынын талаптарын экономикалык кызыкчылыктарга каршы келген коркунуч катары кабыл алуу; жана акырында, мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы координациянын жетишсиздиги.

— Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн кандай механизмдер колдонулат?

БУУнун Жетектөөчү принциптерин киргизүү жана анын натыйжалуулугун көзөмөлдөө үчүн Иш-аракеттер планынын иш-чараларыннын аткарылышына үзгүлтүксүз көз салынат. Көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу координациялоочу орган болуп Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген. Бул процесстин ачык-айкындыгын камсыздайт жана керек болгондо планга зарыл болгон оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, эл аралык уюмдар жана донорлор каржылык жардамын да, эксперттик колдоосун да берип, абдан маанилүү роль ойношот. Алар ошондой эле эл аралык тажрыйба менен бөлүшүшөт. План маалымдуулукту жогорулатуу боюнча ири масштабдуу иш-чараларды караштырат: коомдук кампаниялар, бизнес, мамлекеттик органдар жана жарандык коом үчүн тренинг-семинарлар, ошондой эле жумушчулардын укуктары жана алардын бизнести туруктуу өнүктүрүү менен байланышы тууралуу жеткиликтүү маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу. Биздин максат — маалыматты калктын бардык катмарлары үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу.

Ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн сунуштар

-Планды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кандай сунуштарды берет элеңиз?

Үзгүлтүксүз жолугушууларды жана консультацияларды камтыган, бийлик органдарынын, бизнести жана жарандык коомдун ортосунда натыйжалуу координациялоо зарыл. Ачык-айкындыкты камсыз кылуу үчүн мониторингди жана отчеттуулукту күчөтүү, эл аралык уюмдар жана донорлор менен өнөктөштүктү өнүктүрүү, адам укуктары боюнча билим берүүгө жана компетенцияны жогорулатууга инвестиция салуу жана бизнес чөйрөсүндө адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу даттанууларга тезинен жооп берүүнүн натыйжалуу механизмин түзүү маанилүү.

Корутунду: Иш-аракеттер планын кабыл алуу жана ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүү жолундагы абдан маанилүү кадам болуп саналат. Бизнес чөйрөсүндө адам укуктарын сактоо — бул өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруу гана эмес, ошондой эле социалдык-экономикалык өсүшү жана бардык жарандардын жыргалчылыгын артыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Бул долбоордун ийгилиги мамлекеттин, бизнести жана жарандык коомдун тыгыз кызматташтыгына, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү колдоосуна жараша болот.