Индияда 2025-жылдын 12-июнунда Ахмедабад шаарынан учуп чыккан Air India компаниясына таандык Boeing 787 Dreamliner учагы кырсыкка кабылган. Учактын «кара кутусу» катуу күйүп кеткендиктен, Индиянын аймагында маалыматты калыбына келтирүү мүмкүн болгон эмес.
Жергиликтүү Economic Times гезитинин маалыматына ылайык, Индиянын авиациялык бийлиги «кара кутуну» АКШга жөнөтүп, ал жакта маалыматтар калыбына келтирилип, андан соң Индиянын учак кырсыктарын иликтөө бюросуна өткөрүлөт.
«Кара куту» учактын кырсык болгонго чейинки ылдамдыгы, бийиктиги, техникалык параметрлери жана учкучтардын сүйлөшүүлөрүн жазып турат. Бул маалыматтар кырсыктын себептерин аныктоодо чечүүчү ролду ойнойт.