Кыргызстанда жол тармагында тендерлер ачык -айкын өткөрүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Айбек Алтынбеков бюджет жана финансы комитетинини жыйынында билдирди.
«Канчалаган жылдардан бери жол тармагындагы коррупция өнүккөн. Тендерлер ачык айкын өткөрүлбөйт. Аны утуш учун компаниялар силерге пара беришет. Бул баардыгына эле белгилүү. Тендерди утушат да, кайра жолдорду курууга акча сурашат», -деди депутат.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Кайынбаев, тендер уткан компанияларга коммуникация тармагында маселелер жаралганда гана акча бөлүнөөрүн айтты.