Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө жолдордун бузулган бөлүктөрүн калыбына келтирүү маселеси боюнча подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жеринде жолугушуу өткөрдү.
Бул чечим Facebook социалдык тармагында жарандын кайрылуусунан кийин кабыл алынды. Ал Горький көчөсүнүн Панфиловдон Тыныстанов көчөсүнө чейинки жана Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеровдон Горький көчөсүнө чейинки бөлүктөрүндөгү бузулууларды жоюуну шаар жетекчилигинен өтүнгөн.
Мэр Джунушалиев өзүнүн текшерүүсүнүн алкагында тиешелүү жетекчилерге жана подрядчыларга кыска мөөнөттө кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырма берди.
Маалыматка ылайык:
-
Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейинки аралыкта 2024-жылы реконструкцияланган.
-
Подрядчы уюмдар бузулган тилкелерди бир жуманын ичинде калыбына келтирүүнү убада кылышты. Так жабылуу күнү кошумча маалымдалат.
Ал эми Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча, былтыр жылуулук системалары жаңыртылып, жолдун абалы бузулган. “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасына жана башка жооптуу тараптарга жолдун жараксыз бөлүктөрүн калыбына келтирүү жана мониторингди күчөтүү милдети жүктөлдү.
Шаар бийлиги мындай кайрылууларга ыкчам жооп берип, жол инфраструктурасын жакшыртуу иштерин улантарын белгиледи.