"Эркин-Тоо"

Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болду

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, аталган кызматты буга чейин жетектеп келген Кеңешбай Тайлаков 14-августта арыз жазып, кызматтан кеткен. Ал 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын августуна чейин бул кызматты аркалаган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!