"Эркин-Тоо"

Айбек Молдогазиев Грузиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николоз Лалиашвили менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар парламенттер аралык чөйрөдө кызматташууну активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын ишин жандандыруу, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча макулдашышты.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!