"Эркин-Тоо"

Айбек Осмонов: «Папан суу сактагычында динозаврдан башка бардык жаныбардын өлүгү бар»

Папан суу сактагычында динозаврдан башка бардык жаныбардын өлүгү бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов айтып чыгып, тазалаш керектигин билдирди.

«Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндө Папан суу сактагычы бар. Бул суу сактагычтан Кара-Суу району, Ош шаары, Араван району ошол жерден суу ичишет.  Папан суу сактагычынын ичинде иттин, куштун, мышыктын жана башка жаныбарлардын баарынын, жергиликтүүлөр айткандай, динозаврдан башкасынын баарынын өлүгү бар. Ошону тазалаш керек. Тапшырма бергиле. Оорунун баары суудан пайда болот»,- деди ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!