Жаздык айдап-себүүгө өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 90% камсыздалды. 2025-жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата өлкө аймактарын үрөн менен камсыздоо үчүн жалпысынан 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 58,5 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолуп, камсыздалганы 90,5%ды түздү. Анын ичинен жаздык буудай үрөнүнүн керектөөсү 20,5 миң тоннаны түзсө, топтолгону 18,4 миң тонна же камсыздоо 89,5%. Жаздык арпа үрөнүн керектөөсү 43,9 миң тонна болсо, топтолгону 40 миң тонна, же камсыздоо 91% түзгөнүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.