«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров борбор калаадагы коомдук транспортто тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтып ММКлардын бирине маек берди. Анын айтымында айдоочуларга атайын формалар тиктирилип жатат.
» Азыр 2 600 айдоочунун баарына бирдей кийим тиктирип берип жатабыз. Бирдиктүү форма десек болот. Ак жана көк көйнөк, ошондой эле көк түстөгү шым, галстук берилет. Ак көйнөк майрам күндөрү, көк көйнөк башка күндөрү кийилет. Бирдиктүү форманы ишкана өзүнүн эсебинен тиктирип берип жатат. Мунун баары иретке келтирүү, тейлөөнү күчөтүү, айдоочулардын келбетин жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө», — деген Капаров.
Комментарий калтыруу