Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алуу мыйзам боюнча жазаланарын эскертет.
Ведомстводон билдиришкендей, социалдык түйүндөрдө айдоочулук күбөлүк, тез жана арзан, белгилүү бир акча каражатын төлөй салсаңыз жазап беребиз деген жарнамалар кездешүүдө.
«Жасалма күбөлүктү сатып алуу кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш экендигин түшүнгөн жарандар телефон аркылуу: белгилүү бир күбөлүктүн маалымат базасында бар же жогун билүүгө аракет кылышат.
Мындай документтер «Унаа» мамлекеттик мекемесинин базасында катталбайт жана «Түндүк» тиркемесинен чыкпайт, демек, алардын «аныктыгы» биринчи текшерүүдө эле билинет. Экинчиден, түп нуска документтерде жасалмада жок болгон коргоо белгилери бар.
«Жасалма күбөлүктөр» бланктары даярдалган чыныгы серияга ээ болсо да, натыйжа өзгөрбөйт — эртеби-кечпи жасалма документтер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан аныкталат»,- деп айтылат билдирүүдө.
ИИМ укуктарды берген расмий документти жасалмалоо, анын анык мазмунун бурмалаган расмий документке атайылап жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү, аны даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан пайдалануу, мындай документти сатуу, ошондой эле жасалма мөөрлөрдү же мамлекеттик сыйлыктарды даярдоо КР Кылмыш-жаза кодексинин «Документтердин жасалмасын жасоо» беренесине ылайык, 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын эскертет.