Айдоочуларды окутуу жана аларга күбөлүк берүү тармагында кеңири реформа башталды. Жүргүзүлүп жаткан реформага ылайык, окутуу мөөнөтү узартылып, сынак тапшыруу жана айдоочу күбөлүгүн алуу эрежелери түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Мунун негизги себеби катары, жол‑транспорт кырсыктарынын көбөйгөнү, анын кесепетинен өлүмгө учурагандардын саны азайбай жатканы айтылууда. Маселен, өткөн жылы 8 миңден ашуун унаа кырсыгы катталып, 900 адам каза болгон. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 21%га көп экенин көрсөттү.
Берилген маалыматтар боюнча, жалпы өлкөдө 340 автомектеп бар. Алардын 266сы жеке менчик, 74ү мамлекеттик. Мектептердин көбү эгемендик алгандан кийинки башаламан учурда козу карындай көбөйүп, бир-эки бөлмө тапкандар шак эле автомектептерди ачып алышкан. Анткени, айдоочулук күбөлүктү сатуу бизнеске айланып, чоң киреше булагы болуп калган. Ошондон бери мамлекеттик мекемелер менен байланышкан коррупциялык схемалар туруктуу иштеп, айдоочунун билими, жоопкерчилиги кийинки планда калып, баары акчага байланып калган. Муну баарыбыз көрүп, билип жүрдүк. Албетте, мындай кейиштүү жагдай жол кырсыктарынын кескин өсүшүнө алып келди. Бул – бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы.
2020-жылдагы бийлик алмашуусунан кийин башка тармактардагыдай эле айдоочуларды даярдоо жаатында реформа “старт” алды. “Чү” дегенде эле автомектептер менен айдоочулук күбөлүктү берген мамлекеттик мекемелер ортосундагы коррупциялык схемага балта чабылып, байланышы үзүлдү. Андан ары компьютердик сынак тапшыруу катаалданганда автомектептерде окутуу алсыз экени ачыкка чыкты. Маселен, 2023-жылы теориялык сынактан катышуучулардын 13%ы гана өткөн. Бул айдоочуларды даярдоодогу билим берүүнүн сапаты өтө төмөн деңгээлде экенин жана паракорлук менен күрөш натыйжа бербей жатканын көрсөттү. Реформаны тереңинен баштап, тармакты түп тамырынан бери өзгөртүү зарылчылыгын күн тартибине чыгарды.
Баарыбыз билгендей, ар бир реформа тоскоолдуксуз болбойт, сөзсүз түрдө ал тармактан киреше таап, байлык топтоп жаткандар ага каршы чыгат. Айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү реформага да бут тосулуп, эл ичин удургутууга аракеттенгендер болду. Бирок, башталган реформа жарым жолдо калбай тургандыгын тастыктап, бийлик чечкиндүү позициясын көрсөттү. Бул иштерди Мамлекет башчысы өзү көзөмөлдөй тургандыгын билдирип маек берип, ушул жумада президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна барды.
Садыр Жапаров сапардын жүрүшүндө экзамендик процесстин уюштурулушу, ошондой эле болочок айдоочулардын теориялык билимин текшерүү шарттары менен таанышып чыккан соң жеке автомектептердин курсанттары жана директорлору менен жолугушуп, жол кыймылынын эрежелерин бузуудан улам келип чыккан жол кырсыктарын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды кеңири түшүндүрүп берди.
Өлкө жетекчиси айдоочуларды даярдоо системасында көптөн бери коррупциялык көрүнүштөр катталып келгенин, натыйжада жеке автомектептерде экзаменди ийгиликтүү тапшыргандардын үлүшү мурда 90%дан ашып кеткенин белгиледи. Ошол эле учурда айдоочулардын көпчүлүгүнүн билим деңгээли белгиленген талаптарга жооп бербей келгенин айтты. Анын айынан кырсыктар көбөйүп, акыркы он жылды алганда 75 миң жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 9 120 адам каза болуп, дагы 13 260 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жабыркагандардын жарымына жакыны майып болуп калган. Бул биздей эл үчүн чоң трагедия. Мына ушунун алдын алуу үчүн алгач тартипти чыңдап, адам факторун жок кылып, сынак системасын тартипке келтирүү керектигин белгилеген Мамлекет башчысы реформанын алкагында 10 айлык окутуу киргизилгенин, ага тоскоол болбой турууну өтүндү.
“48 миң сом төлөп, үч жарым ай окуп, жылдап экзаменден өтпөй жүргөнүңөр жакшыбы? Же 19 миң сом төлөп коюп 10 ай окуп, бир же болбосо эки жолу келип экзаменден өтүп кеткениңер жакшыбы? Мына азыр жылдап экзамен тапшыра албай жүргөндөр бар. Ошондуктан мен сиздерден суранарым, 10 ай аябай көп экен дебегиле. Мен баарын карап отуруп анан ушул жерге келдим. “Унаа” мекемесинде иштеген балдарды, Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевди күнөөлөп жатасыңар. Саясатта жана мамлекеттик кызматта эки түрдөгү адамдар болот. Бир түрү тили менен буудай кууруйт. Иш берсең 1 пайызын жылдыра албайт. Кээ бир адамдар болот, мен мамлекеттик кызматта 20 жылдан бери көрүп эле жүрөм. Алар тили менен сүйлөгөндөрдүн тескериси, айтканынан артык кылып аткарып коёт. Бирок, элге чыгып сүйлөй албайт, чыгып сүйлөсө түшүндүрө албайт. Мен ошол үчүн элге түшүндүрүп коеюнчу деп өзүм келдим. Биз келечек үчүн жасап жатабыз туугандар, каршы чыкпагыла» деди Президент.
Айдоочуларды даярдоо багытындагы реформа боюнча Жогорку Кеңеште да дооматтар айтылган эле, Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнө кайрылып, парламентте маселе көтөрөрдө талдап-тактап алып сүйлөөгө чакырды. Микрофонго чыгып сүйлөгөндө айтылып жаткан маселе туура же туура эместигин тактап, мамлекет үчүн пайдалуу же зыян экенин карап чыгуу зарылдыгын эскертти.
“Мен жаңы чакырылыштын депутаттары ант берген күнү барып сурандым эле, 100-200 киши чыгып эле кыйкырып калса эле чуркап келип микрофон ээлеп, эптеп ошол теманы айтып элге жакшы көрүнүп калыш керекпи. Ал маселе туурабы же туура эмеспи мамлекет үчүн пайдалуубу же зыянбы ага карабайт. Ал элдин адамы, ал эми биз мамлекеттин, элдин душманы сыяктуу болуп калабыз да. Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетет элем, бир маселени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекетке пайдасы кандай, элге пайдасы кандай ошолорду карап чыгуу керек. Эгер мамлекет туура эмес жасап жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен да эки жолу депутат болгом. Эч качан популист болуп микрофонго чыгып алып кыйкырчу эмесмин. Депутаттардын укугу бар, келгиле деп ызылдап жаткан элди бир залга топтоп алып, өкмөт тарапты да чакырып алып, дискуссия кылып, андан кийин гана микрофонго барып айтса жарашат да” деди Өлкө башчысы.
Биз туура түшүнүшүбүз керек, Президент бул жерде биздин элдин, биздин мамлекеттин башындагы чоң көйгөйдү чечүүгө далбастап жатат. Статистиканы карасак, күн сайын жол кырсыгынан 2 же 3 адамдын өмүрү кыйылып жатат. Жаракат алгандарды, майып болгондорду айтпай эле койолу. 10 жылда 10 миңдей мекендешибиз мерт кетиптир. Буга ким күнөөлүү деген маселени талдай келгенде дароо жеке автомектептер калкып чыгат. Алар кандай окутканын жакшы билебиз. Кечээки кезге чейин айдоочулук күбөлүктөр сатылганын эч кимбиз жокко чыгара албайбыз. Бүгүн ошонун кесепетин тартып, жон терибиз менен сезип жатабыз. Күн сайын кырсык катталып, мекендештерибиздин өмүрү кыйылууда. Демек, кандайдыр бир чечкиндүү чечимдер кабыл алынышы керек, ага бүгүнкү чоң кадам таштады. Эми чуру-чуу түшө бербей жыйынтыгын күтөлү. Ар бир сакталган өмүр – бул чоң жеңиш.
Акырында айтар сөз, жакында жеке менчик автомектептердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду, эми мамлекеттик окутуу мекемелери ачылат. Анда унааны башкарууну эле эмес, айдоонун маданиятын, жолдогу сабырдуулукту, унаа тууралуу билим берилет. Экзамен алуу жана документ берүү милдети президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги (мурунку “Унаа”) жүргүзөт. Ал эми окуу мөөнөтү 10 айга созулат. Бул убакыт аралыгында курсанттарга жол эрежесин гана үйрөтпөстөн, психологиялык, этикалык сабактар да өтүлмөкчү. Баасы 19 миң сом чегинде белгиленди. Мындан сырткары, жаңы окуу жылынан тарта 11-класстын окуучуларына жол эрежелери боюнча сабактар кирет. Ал эми сынактын теориялык бөлүгүн жасалма интеллект алмай болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев:
— Айдоочулук күбөлүктөр боюнча чоң көйгөйлөр бар. Убагында айдоочулук күбөлүктү туулган күнгө белек кылып жүргөнүбүз чындык да. МАИ кызматкерлери сатып жүргөнү да жалган эмес. “Силердин айдоочулук күбөлүктөр 2 миң сомго сатылат” деп мигранттарды иштетпей койгонуна күбө болгонбуз. Эң негизгиси адам өмүрлөрү кыйылып жатат. Айына 100 адам, жылына 1000 адамдын каза болуп жатканы не деген трагедия. Жолдон балдарыбыз өтө албай калды. Ушул нерселерге сөзсүз реформа керек. Анан Баш мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинин башында Президент турат, Камчыбек Кыдыршаевич турат. Анан эмне, ал экөө жасап жаткан нерселерди туура эмес деп айта алабызбы? Же алар жасаган иштер башкача көрүнүп, аягы жаман бүтүп жатабы? Келиңиздер, ишенели. Аягына чейин чыдайлы. Көрөлү.
Кылычбек Кудайбергенов

