Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемесинин, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Айгүл ДООРОНБЕКОВА: “АТА-ЭНЕМДИН ЖОЛУН УЛАНТЫП КЕЛЕ ЖАТАМ”
Маектешибиз жөнүндө кыскача маалымат: Дооронбекова Айгүл Жакыпбековна жогорку категориядагы врач, КРнын саламаттык сактоонун отличниги. 1981-жылы Кыргыз медициналык институтунун дарылоо факультетин ийгиликтүү аяктаган соң, борборубуздагы №6 ооруканада участкалык врач-терапевт болуп иштеп, өзүнүн мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Ал 1989-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы №4 башкы башкармалыгына врач-дарыгер болуп которулат. Ал кезде бул мекемеге иштөө үчүн көптөгөн текшерүүлөрдөн (мамлекеттик коопсуздук комитетинен, министрликтен жана башка тийиштүү органдардан) өтүп жумушка кабыл алынган. Ошол 1989-жылдан бери ушул аталган бир мекемеде тажрыйбалуу врач-терапевт катары иштеп келет. 2020-жылы пандемия учурунан баштап өзү иштеген мекемеге үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы болуп дайындалган. Үй-бүлөлүү, 3 уулдун апасы, 5 неберенин чоң энеси. Өмүрлүк жолдошу Асакеев Шаршенбек ички иштер органдарында жооптуу кызматтарда иштеген.
— Айгүл Жакыпбековна, эмне үчүн дарыгерлик кесипти тандап алдыңыз эле?
— Кыргызда “Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың” деп коёт эмеспи. Менин ата-энем дагы өлкөбүздөгү таанымал врачтардан болушкан. Мен да алардын жолун улап, адам өмүрүнүн сакчысы болдум. Менин врач болуп калышыма апам Пана Абдыкаимова чоң таасир этти. Анткени апамдын бир тууган агасы өпкө оорусу менен ооруп калып “келечекте врач болуп адамдарга көп пайдаң тийсин”- деп насаатын айткан экен. Таякемдин айтып кеткен сөзү көңүлүнө кыттай уюп калат. Апам Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылындагы мектеп-интернатын күмүш медаль менен аяктап жатканда, Ленинград шаарынан инженердик институтка мыкты бүтүрүүчүлөрдү кабыл алган комиссия келип калат. Анын мектепинтернатын күмүш медаль менен бүтүрүп жатканын эске алышып, дароо эле инженердик институттун биринчи курсуна кабыл алышат. Бирок апам агасынын насаатын аткаруу максатында, Фрунзедеги медициналык институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин жугуштуу ооруларды дарылоочу (инфекционист) врач кесибине ээ болгон. Мединститутта мыкты окугандыктан аны Москвадагы медициналык окуу жайына атайын жолдомо менен жөнөтүшкөн. (Ал кезде жакшы окуган кыргыз жаштарын, мыкты студенттерди Москвага которуп турушкан экен). Мына ошондой алдыңкы кыргыз жаштарынын катарын толуктоо максатында менин да ата-энем Москвадагы медициналык институттун ординатурасын ийгиликтүү аяктап келишкен. Атам Дооронбеков Жакыпбек республикага таанымал санитардык врач. Кыргыз медициналык институтунда көп жыл бою санитардык, стоматологиялык, педиатрдык факультеттеринде декан болуп иштеген. Ошентип мен да алардын жолун улап врач болдум.
— Бүгүнкү күндө сиз жетектеген бөлүмдө канча дарыгер эмгектенет?
— Биздин поликлиникада 40тан ашуун врач жана 40 медайым эмгектенет. Биздин башкы максатыбыз адамдардын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп туруу. Жалпысынан бизге бөлүнгөн 8 участкада 10 000ден ашуун адамдарды тейлейбиз. Булар Кыргыз республикасына эмгек сиңирген аттуу-баштуу белгилүү адамдар. Алардын ден соолугун көзөмөлдөөнү биз камкордукка алганбыз. Ооруп калышса, үйлөрүнө чейин барып, дарылап турабыз.
— Пандемия учурунда сизге ишеним артылып ушул бөлүмгө башчы кылып бекитишиптир ал учурда абал кыйын эле, баары жоопкерчиликтен качып жатса сиз кантип жоопкерчиликти алдыңыз?
— Ооба, бул пандемия врачтарга гана эмес бардык адамзат үчүн оор сыноо болду. Пандемия учурунда адамдар ооруп, айласын таппай калган учур эле. Биздин да бөлүм башчыбыз башка жумушка которулуп кеткендигине байланыштуу мага тажрыйбалуу врач катары кайрылышып, ишеним артышып, бөлүмгө башчы болосуз деп жетекчилер дайындашты. Биз Гиппократка ант бергенбиз. Жоопкерчиликтен кача албадым. Абал оор болуп турса, ушундай кыйынчылык болуп адамдар өлүп жатса, күн-түн дебей иштешке туура келди. Бизге берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде туура иштеп, тапшырмаларды так аткардык. Албетте, кыйын учур болду, канчалаган ак халатчандар ушул оорунун айынан көз жумду, канчалаган медайымдарыбыз мерт болду. Биз тикебизден тик туруп, ушул ооруну акыры жеңип чыктык. Көптөгөн врачтар, медайымдар пандемиядан кийин жумуштарын таштап кетишкендери да болду. Бул пандемия биздин гана медиктер эмес, бүткүл дүйнө жүзүнүн медиктери үчүн да чоң сыноо болду. Адамдарды аман алып калуу үчүн бардык күчүбүздү жумшап эмгектендик. Акыры акыбети кайтып, пандемиядан аман-эсен чыктык. Эми мына баары өз жолуна түштү.