"Эркин-Тоо"

Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган Аселден кабар алды

Биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалды.

«Бүгүн бир нече убакыт мурун коомчулукту нес кылган, мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Аселден кабар алдым. Коомчулук менен бирге мен дагы мындай окуяларды кескин айыптайм! Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!», — деп жазган.

Эске салсак,  20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 2023-жылдын 20-ноябрына чейин камакка алынган.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!