Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Париж шаарында (Франция) ЮНЕСКОнун колдоосу астында өтүп жаткан Cinema Heritag 1-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине катышты.
28-ноябрда ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директорунун Африка жана тышкы байланыштар боюнча орун басары Энтони Охеменг-Боама, дүйнөлүк кинорежиссерлор, анын ичинде кытайлык режиссер Чжан Имоу, түрк кинорежиссеру, Берлин кинофестивалынын жогорку сыйлыгы «Алтын аюунун» ээси Семих Капланоглу жана башкалар катышты.
Аталган кинофестивалдын финалына кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы өткөн.
Кошумчалай кетсек, бул күндөрү Париждин ири кинотеатрларында кыргызстандык режиссерлордун – Cinema Heritage программасынын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлүүдө.
Cinema Heritage кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз.