"Эркин-Тоо"

Айгүл ЖУМАКЕЕВА: “Эл ишеними – бийик максаттарга чакырат”

Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Айгүл ЖУМАКЕЕВА

Талас өрөөнүндө жайкы саратан күндөр күрдөөлдүү эмгектин коштоосунда өтүп жатат. Дыйкандар дан жыттанган талаада мол түшүм алуунун аракеттерин көрүшүүдө. БакайАта районундагы Миң-Булак айыл аймагында социалдыкэкономикалык өнүгүүнүн натыйжасы менен элинин жашоошарттары жаркын нуктарга бурулууда. Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүндө жалпысынан 560 үй-бүлөдө 3724 адам жашайт. Аталган айыл өкмөттү элине жасаган ак кызматы менен таанылып, кадырбарк күткөн Жумакеева Айгүл Зарлыковна жетектеп келе жатат.

Айыл чарбасы артыкчылыктуу тармак

— 2023-жылы айылыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу багытында Миң-Булак айыл өкмөтү өзүнүн чакан аппараты, айылдык кеңеши жана айыл тургундары менен биргеликте атайын түзүлгөн программанын негизинде бир топ долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Элет жеринде айыл чарба тармагы экономикалык өнүгүүнүн өзөгүн түзгөндүктөн, ушул тармакка өзгөчө көңүл бурулууда. Атап өтсөм, айыл аймакта 5 чакырым ички арыктар тазаланып, 4 шааба коюлду. Суткалык жөнгө салуучу бассейнди тазалоо үчүн “Альянс Алтын” фондусу тарабынан 300 миң сомго 4000 литр күйүүчү май алынды. Жергиликтүү бюджеттен 1 тонна күйүүчү май берилип, каналдар тазаланды. Бакай-Ата өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып, 407 миң сомго 215 метр жерге лоток орнотулду. Бүгүнкү күндө дагы кошумча 44 лоток алынып орнотулууда. Райондун суу чарба башкармалыгына 3 112 145 сомго долбоор жазылып (720 метр), лоток орнотуу боюнча биздин сунушубуз колдоо тапты.

Социалдык колдоо көңүлдүн борборунда

— КР Президенти Садыр Жапаровдун №54 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча тынымсыз иштер колго алынууда. Айыл аймагындагы социалдык жактан колдоого муктаж жарандарыбыздын тизмеси такталып, жыл сайын ар тараптуу колдоо көрсөтүп келебиз. Айыл өкмөтү тарабынан майыптар күнүнө, балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата азык-түлүк топтому таркатылып, атайын белектер берилди. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга жардамдар көрсөтүлдү. Алар кыш мезгилине карата таш көмүр менен камсыз болушту. “Нур-Бала” фондусу тарабынан 2 үй-бүлөгө 100 000 сомго 2 уй, 2 үй-бүлөгө 2 торпок 50 000 сомго берилди.

Билим берүү – күн тартибинде турган маселе

— Айыл жеринде жаштарга сапаттуу билим берүү, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү учурдун талабы болуп турат. Миң-Булак айыл аймагындагы Досмамбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынды 45 мугалим эмгектенип, 633 окуучу билим алып жатат. Мектепте мыкты көрсөткүчтөр жаралууда. 4 окуучу райондук олимпиаданын жеңүүчүсү болушту. Өткөн жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн 192 баллга ээ болуп, район ичинде экинчи орунду ээледи. Орточо 117 баллга дагы бир топ бүтүрүүчүлөр ээ болушкан.

Ал эми аталган мектептин №2 корпустун жылытуу системасы жаңыртылды. Жогорку Кеңештин депутаты Жакышов Русланбек Шергазиевичтин демилгеси менен 100 миң сом бөлүнүп, №2 корпусуна 60 миң сомго вестибюль орнотулду жана 40 миң сомго компьютер класстарына жабдуулар сатылып алынды. Бул мектепте жыл сайын мыкты мугалимдерге жана мыкты окуучуларга жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом сый акы берилет.

Мындан тышкары, Миң-Булак айыл аймагында жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. 2014-жылы башталган жаңы мектептин 2-кабаты аяктап, чатыры жабууга даярдалып жатат. Мектептин курулушу үчүн 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн.

Ормотоев Жапарбек атындагы “Баластан” балдар бакчасында 150 бала тарбияланып, 27 кызматкер иштеп жатат. Талас өнүктүрүү фондусуна 852 000 сомдук долбоор жазылып, бала бакчага оюн аянтчасы курулду. Кошумча корпусуна 25 000 сомго видео көзөмөл орнотулду. Балдарга тарбия берүүдө алардын муктаждыктарын жоюу маселеси айыл өкмөтүнүн күн тартибинде турган маселе.

Мындан сырткары калк саламаттыгын сактоо жаатында айыл өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 2 медайым, 1 медага жана Шадыкан айыл өкмөтүнөн 1 врач келип эмгектенет. Алар элибиздин ден соолугу үчүн талбай кам көрүшүүдө. Ушул тармактын тейлөө кызматын жакшыртууга долбоорлорду жазуу үчүн тиешелүү адистер иштеп жатышат.

Инвестиция – ишти илгерилетет

— Айыл өкмөтүндө борбордогу казынадан үмүт этип олтура бербестен, кошумча каржы булактарын табуу үчүн мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташып жатабыз. Маселен, АРИС агенттиги тарабынан 3 650 233 сомго Миң-Булак айылына ФАП курулуп, ишке берилди. Өздүк салым 224 900 сом болду.

Эл аралык Жаштар ассамблеясы тарабынан 3 700 000 сомго мечит курулуп, ишке берилди. Унаа жуучу жай ачылып, 3 жумушчу орун түзүлдү. Талас өнүктүрүү фондусу тарбынан каржыланган кара өрүк кургатуучу цех иштеп, элибизге кызмат кылып жатат.

Талас облусу боюнча Агробизнестик атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан 3 тонналык сүт сактоочу жай жана сүттүн сапатын текшерүүчү анализатор коюлганы турат.

Анан албетте, айыл элинин маданиятка болгон мамилесин арттыруу максатында шарттарды түзүп берип жатабыз. Маданият үйүнүн жанына 130 миң сомго навес курулду жана тегереги курчалды. Жыл ичинде даталуу күндөрдө элибизге маданий иш-чараларды уюштуруп, элибиздин көңүлүн ачууга атайын программадагы концерттерди тартуулап турушат. Айыл аймагындагы Жаштар борбору ушул тармактар алкагында иштейт. Анда 3 кызматкер эмгектенет. Жаштар борборуна АРИС агенттигинин өкүлү Одри Сакс келип, биздин адистер менен пикир алышып, биз сунуш кыла турган долбоорлорду колдой тургандыгын билдирди.

Айыл өкмөтүндө 1 стадион, 1 кичи футбол аянтчасы, 1 жеке менчик спорт сарайы бар. Азыркы учурда шахмат, жаа атуу, ядро түртүү, күрөш клубу ачылган. Жаа атуу боюнча өткөрүлгөн мелдеште Машаев Эмир 1-орунду, Сеитов Темирлан 2-орунду, Ыкынов Раушан 3-орунду ээлеген.

Айлана-чөйрөнү коргоо – башкы милдет

— Президент Садыр Жапаров тарабынан тазалыкты сактоо боюнча катуу талаптар коюлууда. Жыл сайын жаз алдын ишембиликтерди уюштуруп, бак-дарактарды отургузуп, айлана-чөйрөнү таза кармоого болгон аракеттер жүрүп жатат. Айыл өкмөтү тарабынан ай сайын айыл калкынын турмуштиричилигинен чыккан калдыктар чыгарылып турат. Анан дагы таштанды таштоочу жай үчүн атайын укук берүүчү документтери алынып жатат. Жергиликтүү бюджеттен таштанды таштоочу жайды курчоо үчүн материалдар сатылып алынды. Бир жылга таштанды төлөмдөрү үчүн 300 сом белгиленген. Аймакта Талас – Тараз трассасынын боюна желим идиштер үчүн атайын контейнерлер орнотулду. Ар бир инсан өзүнө тиешелүү аймакты таза кармоо менен бирге көрктөндүрүүнү колго алуу аракеттерин жасап жатышат.

Ошондой эле элет жериндеги айылдарды электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча кызуу иштер жүрүп жатат. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка 49 даана темир бетон столбалары, зым чубалгылары, 2 даана 160 кВт трансформаторлор сатылып алынды. Жаңы конуштарга электр энергиясын киргизүү үчүн долбоор даярдалып, Талас өнүктүрүү фондусуна өткөрүлдү. Айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу максатында ички көчөлөргө жыл сайын кум төгүлүп тегиздөө иштери жүргүзүлөт, ички арыктарга асбест трубалары коюлду, чектен ашып кеткен заборлорду, арыктарды жылдыруу иштери уланууда. Ошентип, Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жумакеева Айгүл Зарлыковна менен баарлашып отуруп, эл ишенимине кирип, элдин жүгүн аркалоо оор милдеттерди талап кылганы менен адамды сыймыкка бөлөп, жаңы ийгиликтерге шерденте тургандыгына дагы бир жолу ынандык. Анткени, аймак башчысы Айгүл айымдын айыл турмушун жакшыртууга болгон аракеттери, тилектери четинен аткарылып жаткандыгына мезгил таразасы күбө. Ишиңиздер илгери болуп, байгерчиликте бейпил өмүр сүрүнүздөр, эмгек менен шаңданган миң-булактыктар!

ЖЕТЕКЧИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ:

Жумакеева Айгүл Зарлыковна Талас районундагы Көк-Кашат айылында туулуп-өскөн. Кесиби мугалим. Бакыйган 2 дипломдун ээси. Айгүл айым ак кызматын айылынын агарып-көгөрүп, алга жылуусуна арноону бийик максаттарынын бири катары алдына коёт. Айылдын жашоо-турмушун жакшыртуу жана анын келечегине болгон таамай-таасирдүү көз карашы, мамилелери коомчулуктун таразасынан калыс бааланып, эл оозуна алынат. Анын натыйжасында Айгүл Зарлыковна мындан бир нече жыл мурда айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланат.

Ал мезгил агымынын ар кандай кырдаалдарында кыйынчылыктарга кабагым-кашым дебей, турмуш-жашоодон топтогон тажрыйбаларын ак эмгек менен айкалыштырып жеңе билди. Эл ишенимине татып, адал кызматынын аркасында кадыр-барк күткөн Жумакеева Айгүл айым учурда жоопкерчиликтүү, ары сыноолорго жык толгон аракеттери менен алпурушууда. Жалпы Бакай-Ата районундагы 9 айыл аймактар арасында мыкты жетишкендиктери менен татыктуу жетекчи экендигин далилдеп келет.

Миң-Булак айыл аймагынын учурдагы ийгиликтери туурасында Айгүл Зарлыковна биз менен болгон маегинде кең-кесири айтып берди.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!