"Эркин-Тоо"

Аймактагы алгачкы ипотекалык турак жай

Кечээ, 12-майда Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу “Асман резиденс-1” турак жай комплекси пайдаланууга берилип, 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирлерине ээ болушту.

Батир ээлерине үйдүн ачкычтарын Президент Садыр Жапаров тапшырып, турак жайлуу болгон тургундарды конуштуу болуусу менен куттуктап жатып, “2022-жылы башталган ипотекалык турак жайларды куруу өнөктүгү өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдардын бири болуп калды. Анын натыйжасында ордо калаада алгачкы 2 турак жай комплекси курулуп бүтүп, жарандарга жеңилдетилген ипотека шарттары менен берилди. Бүгүнкү күндө мамлекет турак жай фондун кеңейтүү аркылуу өзүнүн жарандарынын алдында муктаждарды турак жай менен камсыз кылуу милдетин түздөн-түз ишке ашырууну жигердүү ишке ашырып жатат. Өлкө аймактарында тегиз кадам таштаган бул иш-аракеттерибиз эми минтип аймактарда да өз жемишин бере баштады. Мен алгач бул жерге чогулган эл-журтту, айрыкча, үйлөрүнүн ачкычын чыдамсыздык менен күтүп жаткан мекендештеримди чын дилимден куттуктап өтөйүн. Ак өргөөңөр кут болсун, коломтоңордун оту өчпөсүн! Мамлекет жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт” деп жакшылыктарды каалады.

Президент Садыр Жапаров андан тышкары учурда чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак жай менен камсыз кылуу боюнча ири иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

“Асман резиденс-1” турак жай комплекси Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан турак жайлардын алгачкысы болуп эсептелет. Комплекс жети, тогуз кабаттуу блоктон турат жана 639 батирди камтыйт. Жер астында 138 жана жер үстүндө 50 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы бар.

«Менин үйүм» программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 11 миңге жакын батир, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы, Таш-Көмүрдөгү жана Сузак районундагы объектилер курулууда. Жакынкы аралыкта 879 батирди кошкондо миңдеген үй-бүлөлөр жаңы батирлерге ээ болушат, анын ичинде Сузак айылындагы 240 батирлүү «Асман резиденция-5» комплекси бар.

Буга чейин 2147 батир Бишкек шаарында тапшырылган болсо, аймактарда мындай масштабдагы үй берүү биринчи жолу жүзөгө ашып, тарыхый окуя болду. Белгилей кетүүчү жагдай, турак жайлар курулган жер тилкелери буга чейин ар кандай күмөндүү жолдор менен жеке адамдардын, уюшкан топтордун жана мурдагы мыйзамсыз менчик ээлеринин колунда болгон. Президенттин тапшырмасы менен жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин түз кийлигишүүсү жана көзөмөлү алдында жерлер мамлекетке кайтарылып берилген. Мына ошондой аракеттердин аркасында, кечээ мамлекеттик ипотекалык үйлөр тургузулуп, жүздөгөн үй-бүлөгө жаңы жашоонун эшиги ачылды.

Жазгүл Кенжетаева