"Эркин-Тоо"

Аймактарда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү

JIA бизнес ассоциясы менен биргеликте Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында бош жумуш орундардын жарманкелери өттү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жарманкелерде  мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миңден ашуун бош орундарды сунушташты. Ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардан 190дон ашык ишканалар катышты.

Жарманке өткөрүүнүн максаты максаты — жумуш издөөчүлөрдү ийгиликтүү ишке орноштуруу жана бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо. Мындай иш-чаралар окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жана жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында жыл сайын Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.

Иш-чаранын алкагында жарандарга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилип, абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында  ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүштү.

Белгилей кетсек, 29-ноябрда Бишкек шаарынын тургундары үчүн бош жумуш орундардын жарманкеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.