Кыргызстанда 2030-жылга чейинки улуттук программанын алкагында ар бир аймакта заманбап оорукана, амбулатория жана медициналык борборлор курулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте өткөн саламаттыкты сактоо форумунда билдирди.
“Биздин максат – бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган заманбап, жогорку технологиялык медициналык мекемелерди түзүү. Аларда рентген, УДИ аппараттарынан тартып, томография жана заманбап хирургиялык жабдууларга чейин болушу керек”, — деди Байсалов.
Программанын алкагында учурда жаңы саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушу башталды. Республиканын бардык аймактарын камтыган медициналык инфраструктураны жаңыртуу боюнча комплекстүү план бекитүү мерчемделүүдө.